Милиция процесстин катышуучуларын сотко жеткирүүгө милдеттендирилди

Мындай өзгөртүүлөр Кылмыш-процессуалдык кодексине соттук иштердин «каралышын тездетүү» үчүн киргизилди.  Буга чейин катышуучуларды сот залына алып келүү менен прокуратура алектенип келген, а милиция чуулгандуу процесстерде гана тартипти сактап турган.

Өзгөртүүлөр 16-июль күнү, президент Алмазбек Атамбаев тарабынан жактырылгандан кийин киргизилди.

Өзгөртүүлөргө ылайык, соттук процесстин катышуучуларын сот залына жеткирүү милдети эми Ички иштер министрлигине же түздөн-түз ишти тергөө менен алектенген органга жүктөлөт.

«Көрсөтүлгөн адамдар жөндүү себептерсиз келбей койсо аларды сотко жеткирүү ички иштер органдары тарабынан ишке ашырылат», — деп жазылган мыйзамда.

Өзгөртүүлөрдүн автору — парламент депутаты Тынчтык Шайназаров — өзүнүн негиздеме маалымкатында Кылмыш-процессуалдык кодекске киргизилген өзгөртүүлөр соттук процесстердин тездетилишине багытталгандыгын жазган.

Анын маалыматтары боюнча, буга чейин процесстин катышуучуларын сотко жеткирүү менен алектенген прокурорлордун саны аны менен натыйжалуу алектенүүгө мүмкүнчүлүк бербейт — депутаттын пикиринде, мамлекеттик айыптоочу ишти кароодо убактысын «техникалык маселелерге» коротпошу керек.

«Бул ички иштер органдарындагы кызматкерлердин саны жана структуранын көп тармактуулугун эске алуу менен былыктыктардын баарын жок кылат да кылмыш иштеринин сотто өз убагында каралышын камсыз кылат», — деп жазган ал.

ИИМдин алдындагы Тергөө башкармалыгы бөлүмүнүн башчысы Кенч Абдиев Kloop.kgге берген маегинде милиция аларга жаңы милдеттердин жүктөлүшүнө каршы эмес экенин айтты.

«Мыйзамдын кабыл алынышы биз үчүн күтүүсүз болгон жок, анткени андай өзгөртүүлөрдү киргизүүгө өзүбүз дагы катышканбыз. Соттук иштердин каралышынын ылдамдыгы артат», — деди Абдиев

Анын айтымында, соттук иштин катышуучусу бир нече себептер менен сотко келбей коюуга укуктуу — үйлөнүү той, тажия же ооруп калганда. Бул факторлорду башкы тергөөчү «адам» факторлору деп атайт.

Бул өзгөртүүлөр сот системасындагы кадр каатчылыгынын фонунда киргизилүүдө — мындай маалыматты жакында эле Жогорку соттун төрайымы Феруза Жамашева билдирген.

Ал судьялардын 436 кызматтык ордунда болгону 99 гана кызматкер иштей тургандыгын айтып даттанган — анын пикиринде, бул сот иштерин жүргүзүүгө терс таасирин тийгизип жатат.