Жакында Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу менен “Замандаш” ассоциациясынын биргелешкен аракети аркылуу Түндүк Кипр республикасынын Кирения шаарында сексуалдык кулчулукта жүргөн кыргызстандык кыз боштондук алды.
Макаланын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтына чыккан. Автору: Айгерим Акылбекова.
Кыргызстанга кайтып келген жыйырма жаштагы жабырлануучу кыздын аты-жөнү белгилүү себептерге байланыштуу ачык айтылбайт.
Ата-энеси, туугандары дагы бул кыздын жагдайы тууралуу билишпейт. Анын өз мекенине кайтып келишине көмөктөшкөн тараптардын айтымында, сексуалдык күңгө айланган кыз кипрдиктер менен Одноклассники социалдык тармагы аркылуу таанышкан. Интернеттеги "жаңы достор" ага Кирения шаарына Tuty-fruty түнкү клубунда бийчи болуп иштөөнү сунушташкан. Бирок баргандан кийин чакыргандар кызды сойкулук кылууга мажбурлашып, 3 жумадан кийин кардарлардын биринин жардамы менен Стамбулдагы Кыргызстандын башкы консулдугуна телефон чалган. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматынын өкүлү Азамат Айтбаев билдирди:
- Үч жума кызмат көрсөткөн соң кардарлардын биринин жардамы менен Стамбулдагы Башкы консулдуктун телефон номурун таап, жардам сурап кайрылган. Андан кийин бир ай бою сот иштери менен жүрдү. Тилекке каршы, кыз сексуалдык зомбулук деген беренеден баш тартып, бир гана уруп-соккон берене боюнча арыз жазган. Кызга атайын айып пул төлөп бергенден кийин, Кыргызстанга алып келинди.
Учурда мындай жагдайга дуушар болгон, кызы дайынсыз жоголуп, анын санаасын тартып жүргөн ата-энелер аз эмес. Кызын жоготкон энелердин бири Гүлжамалдын эки жылдан бери какпаган эшиги, издебеген тешиги калган жок:
- Эки жылдан бери кызым дайынсыз. Акыркы жолу Түркиядамын деп чалган. Ал номуруна жарым жыл бою чалдым. Кызым каякта болсоң да келчи, урушпайм. Жок дегенде мен аманмын деп кабарлап койчу.
Социалдык тармактар аркылуу тузак тарткандар
Социалдык тармактардын көптүгү ар кандай каргашалуу учурларга себеп болуп келет. Андайлардын дагы бири, өзүн Юлия деп атаган кыз Түркияга алданып барып, жарым жыл сойку болуп иштөөгө аргасыз болгон.
- Дос кызым бул жакка келсең жакшы деп ар кандай сүрөттөрүн жиберип турчу. Мен да мектепти аяктагандан кийин эле жакшы жашоону самап, Түркияга кеткем. Барган күнү эле документтеримди алдырып отуруп калдым. Кулчулукка кабылганымды ошондо билдим. Күнүнө 15-20 кардарды кабыл алчумун. Иштебесең уруп, тамак беришчү эмес. Анан ыңгайы табылган кезде, качып келгем. Азыр баары жакшы.
Бейөкмөт уюмдардын маалыматына таянсак, кыздарды алдап, кулчулукка тартуунун бир топ жолдору бар: социалдык тармактар же курбу кыздар аркылуу атайын сутенерлор көп суммадагы акча төлөөчү жумушту айтып азгырышат. Гезиттерде, радиотүйүндөрдө тынбай берилчү “жогорку маяна төлөйбүз” деген жарыяларга өздөрү чалып, макул болуп кеткен кыздар да жок эмес.
“Сезим” кризистик борборунун адиси Дарига Иманованын айтымында, акыркы статистикалык маалыматтар кулчулукка кабылгандардын арасында өлкөнүн түштүк аймактагы кыздары көбүрөөк экенин көргөзгөн:
- Бишкекте, Чүйдө жумуш менен камсыз болгондор көп эле, Көлдө сезондо иштеп калышат, ал эми Ош, Баткен жакта жумуш табуу бир топ кыйын болгондуктан, башка өлкөлөргө иштегенге кетишет. Мектепти аяктаар замат эч кандай адистикке окубай эле кулчулукка кабылгандар да бар.
Бул маселе кандай чечилет?
Жоголгон жана кулчулукка кабылган кыздар менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Адам сатууга каршы жана сойкуканалардын ишин тыюу боюнча бөлүмү иш алып барат. Алардын берген маалыматына караганда, ай сайын жок дегенде үч-төрт кыз жоголду деген арыз түшөт. 2013-жылы жалпысынан 600дөн ашуун кыз жоголгон, кийин иликтөө көрсөткөндөй алардын жарымы сексуалдык кулчулукка кабылган. Бирок баары эле мекенине келгенде, кыргыз менталитетине байланыштуу арыз жаза бербейт.
Аталган бөлүмдүн башчысы Саламат Адыловдун айтымында, кулчулукка кабылгандардын көпчүлүгү өз ыктыяры менен кетишет. Бөлүм Кыргызстанда гана иш алып баргандыктан, мындай кылмыштардын дээрлик көпчүлүгүнүн бети ачылбай калат:
- Кыздар Түркияга, Индияга, Дубайга сатылып кетишет. Келгендерди аэропорттон тосуп алып, маалымат алабыз. Бирок биз башка өлкөлөрдүн жарандарына эч кандай иш козгой албагандыктан, кыздардын ишеничи азайып, бизге көп кайрылбай калышты. Мамлекет тараптан ушул маселе чечилбесе, биздин жаштар деградация болуп кетүүсү толук мүмкүн.
Жыл сайын, атүгүл ай сайын атайын текшерүүлөр болгону менен “Сойкулук, сексуалдык кулчулук туурасында” мыйзам жоктугунан натыйжа чыкпайт. Анан үстүнө Түркияда үч ай визасыз режим болгондуктан, айрым кыздар ал жакта иштегенден кийин, өз өлкөсүнө келгенде да үйрөнгөн "кесибин" улантышат.