ИИМ: Бишкектеги кыздын «уурдалышы» үй-бүлөлүк чыр болуп чыкты

Бишкектин Ош базарында кыздын «уурдалышы» тартылган сүрөттөргө байланышкан окуя үй-бүлөлүк чыр — ата-энеси кызынын күйөөсү менен жашоосуна уруксат бербей жатышкан, деп билдиришти ИИМден. Кыздын апасы болсо чырдын чыгышына анын сабактагы көйгөйлөрү себеп болгондугун билдирүүдө.

Кыздын уурдалышы тартылган сүрөттөр «Фэйсбук» коомдук желесинин колдонуучулары тарбынан резонанс жаратты — окуя 20-июль күнү Бишкектеги Ош базарында болгон.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде кызды эч ким уурдабагандыгын — ал апасы менен кызынын келише албастыгынан улам келип чыккан үй-бүлөлүк чыр экенин билдирди.

«Алардын ортосунда үй-бүлөлүк чыр болду. Туугандары ал кыздын тандоосуна каршы экен. Кийинчерээк ал [кыз] ири суммадагы акча жана унаанын ачкычы бар сумкасынын жоголгондугу боюнча өз апасына каршы арыз жазды», — деди Осмонбаев.

Ал кыз ошол эле күнү күйөөсүнө кайтып баргандыгын кошумчалады.10492448_685475634840273_2172177850879323842_n

Окуяга күбө болуп, тартып алган сүрөттөрүн коомдук желелерге жайгаштырган Бишкектин тургуну Дарья Геттуева Kloop.kgге берген маегинде Ош базарынан чыгып баратып жардам сураган кыйкырыкты уккандыгын айтты.

«Биз базардын Токтогул көчөсү тарабынан чыгып келе жатканбыз. Ошол маалда кыз «Жардам бергиле!» деп кыйкырды. Анын жанында көп киши жок болчу, болгону аны кармап турган эки-үч бала жана дагы бир аял бар болчу», — деди Геттуева.10489755_685475681506935_4049253865535708046_n

Анын айтымында, кыз кыйкыргандан кийин анын айланасына ары-бери өткөн кишилер чогулушуп, ага жардам берүүгө аракет кылышкан — Геттуева болсо милицияга чалып баштаган, бирок ошол маалда белгисиз адамдар кызды унаанын арткы орундугуна отургузуп коюуга жетишишкен.

«Анан ошол маалда алардын кимдир бирөөсү бир мүнөткө алаксып калганда кыз унаанын эшигин ачып, күчүнүн болушунча качып жөнөдү. Анын артынан балдардын бири кубалап жөнөдү да кызга жетип, аны кармады», — деп айтып берди Дарья.281923_685476018173568_2486372464581654475_nАндан бир нече мүнөт өткөндөн кийин унаа кызды салган бойдон Ош базарынан чыгып кеткен.

«Аны баары бир арткы орундукка күчтөп отургузушту. Анан баары өз-өз ордуларына отурушту. Базардагы кишилер аларды жок дегенде милиция келгенге чейин кармап туруу үчүн багажынын эшигин ачууга аракет кылышты. Бирок унааны адамдарды көздөй артка айдап, баары бир кетип калышты», — деди күбө.

Анын айтымында, милиция окуя болгон жерге унаа кеткенден беш мүнөт өткөндөн соң келген.

«Сабактан качып жүргөн»

«Уурдалган» кыздын эжеси Жамелия Ерикова Kloop.kgге берген маегинде кызды салып кетишкен унаа анын апасына тиешелүү экендигин айтты — чырдын чыгышына кыздын университеттеги сабактарын калтырып жүргөндүгү себеп болгон.

«Апам менен сиңдим жөн гана урушуп кетишкен. Апам анын окууга барышын талап кылып жатат. Болгону ошол. Бул сиңдимдин сабактарын калтыргандыгынан улам келип чыккан үй-бүлөдөгү чыр», — деди Ерикова.

Анын айтымында, сиңдиси күйөөсү менен ата-энесинин үйүнөн кеткенден кийин сабактарын калтырып баштаган.

«Биз анын күйөөсү менен жашашына каршы болгон эмеспиз. Жөн гана алардын окуусун каалайбыз. Анткени алардын баласы бар. Кандайдыр бир жол менен акча табыш керек да. Күйөөсү сабатсыз, а сиңдим ханышадай жашачу. Дипломсуз алардын жашоосу кандай болорун элестете албайм», — деди Ерикова.

Кыздын апасы Kloop.kgге берген маегинде кызынын күйөөсү менен жашашына ал дагы каршы эмес экенин айтты — ал үчүн эң башкысы кызынын билим алып, университеттеги сабактарына баруусу.

«Мен анын университетти нормалдуу аякташын каалайм. Бул анын келечеги. Мен алардын чогуу жашашына каршы эмесмин. Күйөөсү билимсиз, окууну биринчи курсунда эле таштап салган», — деди апасы.

Айтымында, ал кызын төрт айдан бери көрө элек болчу.

«Биз аны менен төрт айдан бери көрүшө элек болчубуз, анан базардан кокусунан жолугуп калдык. Мен аны менен сүйлөшөйүн деп, унаага отуруусун өтүндүм. А ал болсо качып атпайбы. Ал эмес элдер да чогулуп калды. Мен азыр анын каякта экендигин билбейм. Кетип калган бойдон. Бойго жеткен кыз да», — деди апасы.