Оторбаев: Кыргызстан ири электр энергиясын экспорттоочуга айланат

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Камбар-Ата-1 ГЭСи курулгандан кийин электр энергиясы Кыргызстандын түндүгүнө гана эмес, башка өлкөлөргө экспорттоого  да жете тургандыгын билдирди.

Премьердин айтымында, Камбар-Ата ГЭСинин кубаттуулугу 1860 мегаватты түзөт, бул электр энергиясы менен Кыргызстандын түндүгүн гана камсыз кылбастан, аны Пакистанга, Ооганстанга жана Кытайга экспорттоо мүмкүнчүлүгүн берет.

«Салыштыруу үчүн айтсам, биздин энергетиканын флагманы болгон Токтогул ГЭСи 1200 мегаватт өндүрөт. Ошентип, Камбар-Ата ГЭСи андан бир жарым эсе кубаттуураак болот», — деди Оторбаев жумушчу сапарынын жүрүшүндө.

Премьер-министр кыргыз энергетикасынын өнүгүшүнө болгон үмүтүн Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу менен байланыштырат.

«Бул мегадолбоорго чоң үмүттөр бар. Ал миңдеген жумушчу орундарын түзүү менен биздин энергетиканын тез өнүгүүсүнө алып келет», — деп эсептейт ал.

Оторбаев Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу болуп жаткан жерге 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилдеринде электр жарыгын өчүрүү ыктымалдыктарына байланышкан кооптонуулардын фонунда барууда.

Мындай кооптонуулар үстүбүздөгү жылдын июль айынын ортосунда «Кыргызстандын Улуттук электр станциялары» ишканасынын жетекчилиги тарабынан айтылган — компаниянын директорунун орун басары Алексей Бородиндин айтымында, Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлинин төмөндүгүнө байланыштуу электр энергиясын өндүрүү кыскарат, өз кезегинде ал электр энергиясын өчүрүү ыктымалдыктарына алып келиши мүмкүн.

«Улуттук электр станциялардын» басма сөз катчысы Зарема Жунусова Kloop.kgге берген маегинде өткөн жылы кыргызстандыктардын тарыхый максимум көлөмдөгү электр энергиясын пайдалангандыгы катталгандыгын билдирди.

«Жыл өткөн сайын адамдар электр энергиясын көбүрөөк колдонуп башташты. Биздин жабдуулар совет убагында курулган, анда адамдардын мынчалык көлөмдөгү электр энегиясын пайдалана тургандыктары эске алынган эмес», — деди Жунусова.