Видео: 2010-жылдагы революция боюнча өкүм окуу уланууда

80ден ашуун адам каза болгон 2010-жылдагы апрель революциясы боюнча соттук процесстин акыркы бөлүгү эки күндөн бери уланууда. Анын катышуучуларынын айтымдарында, өкүм окуу дагы бир нече күнгө созулат.

2010-жылдагы революцияда каза болгон 80ден ашык кишинин өлүмүнө айыпталып жаткандарга карата өкүм бир нече күн окулат.

Судья сот жообуна тартылып жаткандардын көрсөтмөлөрүн окуп бүткөн соң бүгүн, 22-июлда, жабырлануучулар менен ал күнү каза болгондордун туугандарынын айткандарын окуп берди.

Сот жараяны башталгандан эки саат өткөндөн кийин жабырлануучулардын жактоочусу Осунбек Жамансариев судья Дамир Оңолбековдон көрсөтмө берүүчү бөлүгүн таштап, дароо эле өкүмдөрдү окууга өтүшүн өтүндү.

Бирок судья анын сөзүн бөлүп, эрежелерди аткаруу керектигин айтты.

«Жамансариев, сиз деген юристсиз да, анын туура эмес экенин билесиз. Келиңиз маанисиз талашып-тартышпай эле коелу. Мунун баарын окуу мен үчүн деле оор болууда», — деди судья.

2010-жылдагы революция боюнча соттук процесс акыркы — өкүм чыгаруу баскычында.

Төрагалык кылган судья Дамир Оңолбеков иштин материалынын көлөмүнүн чоң болгондугуна байланыштуу өкүм угузуу бир нече күнгө созулушу мүмкүндүгүн айтты — кылмыш иши 60-70 томдон турат.

Актоо өтүнүчтөрү

Жалпысынан бул иш боюнча айыпталуучу катары атайын даярдыктагы «Альфа» бөлүгүнүн командири баш болгон сегиз кызматкери өтүүдө. Мамлекеттик айыптоо алардын алтоосун бардык беренелер боюнча актоону өтүнгөн — тергөө алардын революция маалында кимдир-бирөөнү өлтүргөндүктөрүн далилдей алган эмес.

Бул өтүнүч «алфачылар» буйрукту аткаргандыктан 2010-жылдагы революцияда элге ок атууга күнөөлүү болуулары мүмкүн эмес деп жатышкан «Альфа» бөлүгүнүн жактоочуларынын талаптарына дал келет.

Юрист Жанабил Давлетбаев Kloop.kgге берген маегинде судья прокуратуранын өтүнүчүнө карабастан айыпталуучуларга карата катаал өкүмдөрдү чыгарышы мүмкүндүгүн түшүндүрдү.

Мамлекеттик айыптоочу революция боюнча айыпталып жаткандардын калгандары үчүн узак мөөнөткө, ошондой эле өмүр бою эркинен ажыруу жазаларын талап кылган.

Өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн мамлекеттик айыптоо мурунку президент Курманбек Бакиевге, анын бир тууганы Жанышка, ошондой эле мурунку премьер-министр Данияр Үсөновго карата чыгарылышын талап кылган.

Алар 2010-жылдагы революция маалында 80ден ашык демонстранттын өлүмүнө күнөөлүү башкы айыпталуучулар болуп эсептелишүүдө.

Айыптоочу УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталиновду, ошондой эле Мамлекеттик коргоо кызматынын мурунку жетекчилери Нурлан Темирбаев менен Данияр Дунгановду 25 жылга, президенттин секретариатынын экс-башчысы Оксана Малеваная менен «альфачы» Сергей Цигельниковду 15 жылга, «Альфанын» мурунку башчысы Алмаз Жолдошалиев менен УКМКнын башчысынын мурунку орун басары Марат Бакиевди 10 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Мамлекеттик айыптоонун мындай позициясы жабырлануучулардын кыжырданууларын жараткан — митингдердин биринде алар айыпталуучуларга карата катаал өкүм чыгарылышын талап кылышкан.

2010-жылдагы революция боюнча соттун процесс дээрлик төрт жылдан бери уланып келүүдө. Бул аралыкта ондогон күбөлөр менен жабырлануучулар көрсөтмө беришкен.

Сот жыйыны тараптар ортосундагы башаламандыктарга байланыштуу бир нече жолу жылдырылган. Жыйынтыгында, соттук процесс соттогу тартипке аскерлер көз салып турган Коргоо жана конвоирлөө департаментине которулган.