Вице-премьердин туугандарынын фирмасы боюнча иликтөөнүн жыйынтыктары күзүндө жарыяланат

Вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин туугандарына таандык «Градиент» компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча түзүлгөн комиссия корутундусун күзүндө жарыялайт. Депутаттар  компаниянын 150 миң сомдон ашык суммадагы тендерди утуп алышын Сарпашевдин кийлигишүүсү менен байланыштырышууда.

«Градиент» компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия ишин аяктап, корутундусун даярдады, бирок аны парламенттин талкуусуна коюуга жетишпей калды.

«Мен иш сапарым менен кетип калдым, анан Сарпашев кетти, ошентип бул маселени палатага киргизе албай калдык. Сентябрда алгачкы жыйындарында бул маселени сөзсүз парламенттин талкуусуна киргизебиз», — деди комиссия төрагасы, депутат Максат Сабиров Kloop.kgге берген маегинде.

Комиссиянын корутундусу азырынча парламент тарабынан карала элек болгондуктан, компаниянын жетекчилигине карата эч кандай айыптарды же санкцияларды колдонууга болбойт, деди Сабиров.

«Корутундуда Сарпашев жарым жыл бою мыйзамсыз компаниянын негиздөөчүсү болуп турган маалда компания 162 млн. сомдук тендерди утуп алгандыгы боюнча бир катар мыйзам бузуулардын болгондугу көрсөтүлгөн », — деп белгиледи депутат.

Депутаттык комиссия өткөн жылдын күзүндө түзүлгөн — парламент мүчөлөрү вице-премьердин кызматтагы акыркы үч жылында «Градиенттин» 100дөн ашык тендерди утуп алышын Сарпашевдин кийлигишүүсү менен байланыштырып жатышат. Компания мотор майларын алып келүү менен алектенет.

Сарпашевдин өзү депутаттык комиссия айтып жаткандай кыянаттык кылбагандыгын бир нече жолу билдирген.

«Мен болуп жаткан окуяларды мага карата жасалып жаткан саясий күрөштүн бир бөлүгү катары баалайм. Мага каршы жасалып жаткан бул өнөктүктүн башкы максаты эмнеде? Биринчиден, бул партиялар кийинки шайлоолорго даярданып башташты дегенди билдирет. Чабуул жеке мага гана эмес, башка партия лидерлерине карата да башталды», — деп билдирген вице-премьер «Азаттык» радиосуна берген маегинде.

«Градиент» компаниясынын аты-жөнүн айтпаган кызматкери Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө учурда фирма өзүнүн ишин убактылуу токтотуу менен негиздөөчүсүн алмаштырып, аталышын «Ника-KG» деп өзгөрткөндүгүн билдирди.

Анын айтымында, жаңы компания азыр мурунку эле  мотор майларын жеткирүү ишмердүүлүгү менен алектенип жатат. Юстиция министрлигинин сайтында жеткиликтүү болгон кайрадан каттоодон өткөрүү жөнүндөгү документке ылайык, компаниянын негиздөөчүсү болуп вице-премьердин бир тууганы Азамат Сарпашевдин ордуна Айнура Абдыкалыкова болуп калган.

Жазында парламент эгер кайсыл бир компаниянын жетекчи кызматкерлеринин жогорку кызматтагы чиновниктер менен байланышы бар боло турган болсо анын мамлекеттик тендерлерге катышуусуна тыюу сала турган мыйзам долбоорун кабыл алышкан.

«Градиент» компаниясы 1997-жылы учурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин агасы Эмир Сарпашев тарабынан негизделген.