Оторбаев: Ош кышында өзбек газысыз калышы мүмкүн

Ош 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилдеринде газсыз калышы мүмкүн, деп билдирди премьер-министр Жоомарт Оторбаев. Кыргызстандын түштүк борборунда 2014-жылдын апрелинен бери көгүлтүр отун жок.

Бүгүн премьер-министр Жоомарт Оторбаев маалымат жыйынында Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө жаратылыш газын бербей тургандыгын билдирди. Өлкөнүн түштүгүндө көгүлтүр отун Өзбекстан менен түзүлгөн буга чейинки келишимдин мөөнөтү  аяктаган үстүбүздөгү жылдын апрелинен бери жок.

«Биз кышында көмүргө өтүшүбүз керек. Алдыдагы кыш айларында Өзбекстан газ бербейт, альтернативдүү булактарды издеп табуу керек», — деп жазган 24.kg маалымат агенттиги өкмөт башчысынын айткандарын.

Газ берүү боюнча жаңы келишим түзүү тууралуу Өзбекстан менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр азырынча эч кандай жыйынтык бербей эле. Учурда өлкөнүн көгүлтүр отун менен камсыз болуусуна «Кыргызгаздын» акцияларынын 100 пайызын сатып алган Орусиянын мамлекеттик «Газпром» корпорациясы жооп берет.

Буга чейин «Газпромдун» өкүлү Ольга Мореева Kloop.kgге берген маегинде Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр уланып жаткандыгын билдирген, бирок сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында компания эмнеге жетишкендигин тактап айтып берген эмес.

Оштун вице-мэри Кутманалы Абдырахман уулу Kloop.kgге берген маегинде учурда жергиликтүү бийлик шаардын энергосистемасын бекемдөө боюнча чараларды көрүп жатканын билдирди. Айтымында, газдын жетишсиздигинен улам кышында электр жарыгын пайдалануунун 20 пайызга чейин жогорулашы күтүлүүдө.

«Электр менен камсыз кылуу системасын жакшыртууга болжол менен 101 млн. сомдук суммадагы каражат бөлүү маселеси каралууда. Бул сумма «Ошэлектр» ишканасына бөлүнөт, а бизге, Ош мэриясына, көп кабаттуу үйлөр менен жатаканалардын жылуулук берүүчү ички системаларын жакшыртууга 35.6 млн. сом бөлүнгөнү жатат», — деди Абдырахман уулу.

Вице-мэр Оштун эки жыл газсыз калышы мүмкүндүгү тууралуу ЖМКларда пайда болгон маалыматтарды четке какты — анын айтымында, эки жыл — бул Кыргызстандын түндүгүнөн түштүгүнө, Таластан Ошко газ түтүгүн куруп коюучу мөөнөт.

«Түндүктөн түштүккө газ түтүгүн куроо тууралуу кеп болуп жаткан. Болжол менен ал долбоор деле ушундай эле убакытты — эки жылды талап кылат. А «УзТрансГаз» тараптан газ берүүнүн эски системасын калыбына келтирүү мүмкүндүгү тууралуу эч нерсе белгисиз. Азыр ал жөнүндө эч ким айта албайт», — деди ал.

Оштогу газ каатчылыгы президент Алмазбек Атамбаевдин да көңүлүн бурбай койгон жок — ал июнь айынын соңунда каатчылык маалында оштуктарды баллондордогу суюлтулган газ менен камсыз кылуу тапшырмасын берген. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, жалпысынан 60 миңден ашык киши газсыз калган.

«Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын сайтына чыккан расмий эмес версияга ылайык, Өзбекстан газдын ордуна Нарын дарыясындагы электр станциялары боюнча эл аралык экспертизанын жүргүзүлүшүн жана Сох анклавына барууга коридор талап кылууда

Автор:  Эркинбек Койчуманов