Оторбаев түштүктү калыбына келтирүү боюнча мамдирекциянын чиновниктерин кызматтан алууда

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев буга чейин Кыргызстандын түштүгүн калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекцияда иштеген өкмөттүн мүчөлөрүн кызматтарынан кетире баштады. Анын бул аракеттери парламенттик көпчүлүк коалициясынын өтүнүчүнө байланыштуу.

Чиновниктердин бири — өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Кандабай Бактыгулов — бүгүн, 23-июльда премьер-министр Оторбаевдин буйругу менен кызматынан алынды.

Бактыгуловдон сырткары дагы 11 чиновник кызматынан алынышы мүмкүн. Алардын арасында Жалал-Абад облусунун башчысы Жусупжан Жээнбеков менен Каржы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаментинин директору Молдобазар Эркебаев дагы бар.

«Көпчүлүк коалициясы тарабынан белгиленген талапкерлердин бардыгын тең кызматтан алуу керектигин карап чыгабыз», — деди Kloop.kgге берген маегинде өкмөттүн басма сөз катчысы Гүлнура Торалиева.

Парламенттик көпчүлүк коалициясы кайрылууну премьер-министрдин дарегине 22-июлда жолдогон — анда депутаттар Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын 12 мурунку кызматкеринин кызматтан алынышын талап кылышкан.

Коалициянын пикиринде, мамдирекциянын мурунку чиновниктеринин өкмөттөгү азыркы кызматтарында турушу «Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» мыйзамдын «одоно» бузулушу болуп эсептелет.

Көпчүлүк курамына кирген парламенттик «Ар-Намыс» фракциясынын лидери Феликс Кулов Kloop.kgге берген маегинде коалиция депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктарын иликтеп чыккандан кийин кайрылуу жолдогондугун билдирди.

«Ата Мекен» фракциясы себептер жетиштүү деген чечимге келди. Анан комиссиянын далилдерине таянуу менен көрсөтүлгөн адамдардын өз кызматтарында калууларынын максаттуулугу тууралуу маселени карап чыгууну жетиштүү деп таптык», — деди Кулов.

Анын пикиринде, премьер-министр Жоомарт Оторбаев «бир тараптуу» болбошу үчүн коалиция кызматтан алууну сунуштаган чиновниктердин да пикирлерин угушу керек.

«Өкмөт катта көрсөтүлгөн адамдардын пикирлерин да угуп чыгышы керек. Мүмкүн биз азырынча бир тараптуу берилген маалыматка гана ээдирбиз. Бул жумушчу учур, абалды жакшылап карап чыгуу керек, мында коркунучтуу деле эч нерсе жок», — деди ал.

Мамдирекция менен Сатыбалдиевдин сындалышы

2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуудан кийин түзүлгөн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекцияны кийинчерээк премьер-министр болгон Жантөрө Сатыбалдиев башкарган.

Сатыбалдиев өкмөт башчысы кызматында эки жылдан ашык иштеген жок — ал «Ата-Мекен» фракциясынын демилгеси менен ишке ашкан буга чейинки коалициянын тарап кетишинен улам кызматтан кеткен.

Депутаттар премьерди Кыргызстандын түштүгүн калыбына келтирүү боюнча мамдирекцияны башкарып турганда көптөгөн мыйзам бузууларга барган деп айыпташкан. Бул айыптоолорду текшерип чыгуу үчүн түзүгөн парламенттик комиссия мамдирекциянын чиновниктери тарабынан 570 млн. сомдун максатсыз пайдаланылгандыгы тууралуу билдирген.

Комиссиянын пикиринде, каражаттын сарпталышы көзөмөлдөнбөгөндүктөн улам мамдирекция тарабынан жалданган компаниялар курулган үйлөрдүн сапатынан үнөмдөшүп, 570 млн. сом киреше алышкан.

«Биринчиден, ал шаарларды калыбына келтирүү үчүн бөлүнгөн каражаттын максатсыз пайдаланышы — акчалардын сарпталышы көзөмөлгө алынган эмес. Экинчиден, курулуштун сапаты — эч кандай долбоорсуз, макулдашуусуз, чыгымдардын сметасы жок курулган», — деген Kloop.kgге берген буга чейинки маегинде комиссия төрагасы, «Ата-Журт» фракциясынан депутат Нарынбек Молдобаев.

Сатыбалдиевдин өзү кагылышуудан кийинки мезгилдерде каражаттардын сарпталышын көзөмөлдөө оор болгондугун айтып, дарегине айтылып жаткан айыптоолор менен макул эмес экендигин бир нече жолу билдирген.

«Келгиле кайрадан карап чыгабыз, кемчиликтер болгон, биз аны танбай элебиз. Бирок биз андай кырдаалда баарын тезирээк бүтүрүүгө шашканбыз. Ал эмес шаарларды кайрадан куруп чыгуу идеялары да айтылган. Азыр премьер-министр баарын көзөмөлдөйт деп айтыш туура эмес болуп калат. Келгиле, баарын укук коргоо органдары менен биргеликте текшерип чыгалы», — деп билдирген ал парламент жыйындарынын биринде.