Туроператорлор: Тоодон «түшө албай калган» 200 альпинистке «азык-түлүк жетпей калышы мүмкүн»

Транспорттук тик учактын бузулуп калгандыгынан улам Хан-Теңри чокусунда дээрлик 200 альпинист түшө албай кармалып турат. Учурда альпинисттер тоо лагеринде коопсуздукта, бирок Туроператорлор бирикмеси аларга азык-түлүк жетпей калышы мүмкүндүгүн билдирип, кооптонууда.  

Чет өлкөлүк альпинисттер Кыргызстандагы эң бийик чокулардын бири болгон Хан-Теңри чокусуна альпинизм боюнча өтүп жаткан ачык чемпионаттын алкагында чыгышкан. Бирок кайрадан алып кетчү тик учак бузулуп калгандыктан, алар түшө албай ошол жакта кармалып калышкан.

Кыргыз туроператорлору бирикмесинин аткаруучу директору Алтынай Мусабаева Kloop.kgге берген маегинде тик учак бузулуп калгандыктан, альпинисттерге азык-түлүк жетпей калышы мүмкүндүгүн билдирди.

«Ал бийик тоолуу район, ал жакка азык-түлүк жеткирүү өтө кыйынга турат. Ошондуктан эгер азык-түлүк түгөнүп калса, алар тамаксыз калышы мүмкүн. Алардын жанында көп деле азык жок», — деди ал.

Мусабаеванын айтымында, азык-түлүк «жакын аранын ичинде» түгөнүп калышы мүмкүн — учурда бирикме альпинисттерди алып түшүү үчүн дагы бир тик учак бөлүп берүү боюнча Кыргызстандын куралдуу күчтөрү менен шашылыш сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

«Биз азыр башка тик учактын бөлүнүн берилиши боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз. [...] Андагы азык-түлүк жакынкы арада түгөнүп калышы мүмкүн, ошондуктан биз азыр азык жеткирип, адамдарды куткаруу боюнча шашылыш сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», — деди бирикменин өкүлү.

Мусабаева учурда альпинисттер коопсуз жерде экендигин айтты — Хан-Теңри чокусунун бийиктиктеринде альпинисттердин эс алып алууларына ылайыкташкан бир нече лагерь бар. Бирикменин директорунун айтымында, альпинисттердин бардыгын тең эвакуация кылууга жалпысынан 30 күнгө чейинки убакыт талап кылынышы мүмкүн.

«Бизде чокуга чыгуунун базалык программасы — 20-25 күн. Ошондуктан туристтерди өз убагында азык-түлүк менен камсыз кылуу зарыл. Алардын бардыгын тең бир күндүн ичинде эвакуация кылууга мүмкүн эмес — тоо чоң, аларды чогултуу керек — бир жолку баруу менен алардын баарын куткара албайсың», — деди ал.

Мусабаеванын айтымында, алар альпинисттер менен дайыма сүйлөшүп, байланышты үзбөй турушат жана азырынча алар тарабыптан эч кандай арыздануулар боло элек.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн азырынча Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы жеткиликсиз болууда.

Буга чейин альпинисттердин бирин куткаруу маалында Ысык-Көл облусунда Ми-8 тик учагы кулап түшкөн — ал кырсыктан эч ким каза болгон эмес, бирок тик учак иштен чыккан.

Хан-Теңри чокусу Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынан алыс эмес, деңиз деңгээлинен 7010 метр бийиктикте жайгашкан. Ал дүйнөдө чыгуу үчүн эң коркунучтуу болуп эсептелген тоо чокуларынын катарына кирет.