Видео: Бишкектин экс-мэри Өмүркулов сотто күнөөсүз экенин айтууда

Мурунку калаа башчысы Иса Өмүркуловго өкүм чыгаруу алдында сотто акыркы сөз берилди. Ал Жеңиш сейил багынын аянтын бекитүүдө кызматтык абалын ашыра пайдаланган деп айыпталууда.

Видеонун түпнускасы vb.kg сайтында

Бишкектин Октябрь райондук соту Өмүркуловдун иши боюнча 1-августта өкүм чыгарат.

Мурунку мэр күнөөсү жок экенин айтып, Жеңиш сейил багына эч кандай зыян келтирилбегендигин билдирүүдө — экс-мэрдин айтымында, ал иштеп турган кезде сейил бак тескерисинче жакшырган.

Иса Өмүркуловдун соттогу сөзү (анын айтканы боюнча):

«Бул Жеңиш сейил багы күн сайын түшүмө кирип жатат. Мен ал сейил бакты жакшы билем. Качандыр бир кездерде анын жанында жашачумун, сейилдеп жүрчүмүн. Апрель окуяларынан кийин шаар айланасындагы жер тилкелерин массалык басып алуулар болгону жакшы эсимде.

Тилекке каршы, Жеңиш сейил багы да андан куру калган жок — сейил багынын түштүк бөлүгү жана башка сейил аймактары басылып алынган. Тилекке каршы, анда менин жанымда бир дагы милиция кызматкери болгон эмес. Прокуратурадан да эч ким болгон эмес.

Ошентсе да, биз ал аймактарды сактап кала алдык. Мен кызматка киришкендин алгачкы күндөрү жумушумдун негизин — шаар боюнча жер басып алуулар, сейил аймактарындагы жер тилкелеринин мыйзамсыз бөлүнүшү түздү.

Мени сейил багынын аянтын тактоодо кызматымды ашыкча пайдаланып, кийин ижарага берип же жеке тараптарга сатып жиберүү үчүн атайылап 16 гектарга кыскарткан деп айыптап жатышат. Көрсө, мен муну менен оор кесепеттерди алып келиптирмин да.

Соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө сейил багынын аянттарын бекитүү функциясы толугу менен жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына, тактап айтканда, мэрияга тийиштүү экендигинин шексиздиги баардыгы үчүн ачык көрүндү.  Прокуратуранын көрсөтмөсү бекеринен шаар мэриясынын дарегине жолдонгон эмес.

Көрсөтмөдөгү маалыматтарга ылайык, мен тараптан мэриянын тийиштүү кызматтарына сейил багынын чектерин бекитүү үчүн бардык документтерди чогултуу тапшырмасы берилген. Анткени ага чейин ал сейил багынын чектери бекитилген эмес, бул тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болду.

Анан албетте мени атайылап сейил багынын аянтын кыскартууга аракет кылган деп айыптоо… Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө мен далилдерди уга алган жокмун. Анткени ал жердин бардыгы тең учурда муниципалдык менчикте. Муниципалитетке да, мамлекетке да эч кандай зыян келтирилген эмес.

Бүгүнкү күндө аныкталган чек далилсиз жобо эмес. Тийиштүү бийлик — шаар мэриясы — аны максаттуулугу боюнча өзгөртүп кое алат.

Бүгүн ал сейил бак шаардыктардын сүйүктүү жайларынын бири. Эч кандай кесепет да, таасир да жок. Ал эмес биз ал сейил багын өнүктүргөнбүз: блокадачыларга эстелик тургузулган, куткаруучулардын аллеясы жасалган. Жыл сайын бак-дарактар тигилип, каралып турчу. Бүгүн ал сейил багы шаардыктардын кызматында иштеп жатат.

Мэрия менен менин кесиптештермдин дарегине айтылган айыптоолордун бардыгы тең негизсиз. Мен соттон бул ишти объективдүү карап чыгышын суранам.

Өмүркуловго каршы кылмыш ишинин козголушу

Өмүркуловго каршы кылмыш иши 2013-жылдын декабрынын башында козголгон.

Мамлекеттик айыптоонун маалыматы боюнча, Өмүркулов Бишкектин мэри болуп турган кезде сейил багынын аянты 16 гектарга кыскартылып, коммерциялык фирмаларга берилген.

9-июндагы сотто мамлекеттик айыптоо Өмүркуловго карата үч жылдык мөөнөткө муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу жана мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен катаал режимдеги абакка 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмүнүн чыгарылышын суранган.

Ошондой эле мурунку калаа башчысы менен бирге Бишкек муниципалитетинин дагы төрт чиновниги айыпталууда — прокуратуранын маалыматы боюнча, сейил багынын аянтын жеке колдонууга берүүгө алардын да тиешелери бар болгон.

Алар үчүн мамлекеттик айыптоочу азыраак — 5 жылдан 6 жылга чейинки мөөнөткө катаал режимдеги абакка эркинен ажыратуу жазасын сурады.

Башкы көзөмөл органы тарабынан айып тагылгандан эки күн өткөндөн кийин ал кызматынан өз каалоосу менен кетүү боюнча арызын жазган, бирок мэрликтен кетишинин ага каршы козголгон кылмыш ишине эч байланышы жок экенин билдирген.

Учурда мурунку калаа башчысы белгилүү аймактан чыкпоо колкатынын негизинде эркиндикте жүрөт.

Өмүркулов Бишкектин мэри болуп 2010-жылдагы революциядан кийин дароо дайындалган. Ал мэр болуп турганда шаар тургундарынын арасында ага карата түрдүү пикирлер айтылып турган.

Сынчылар аны акчалардын изин жашырууга жана Бишкекте инфраструктуралык жакшыртуулардын жоктугуна айыпташса, анын тарапташтары 2013-жылы борбордо болуп көрбөгөндөн көп сандагы жолдордун оңдолгонун белгилеп келишет.