Бишкек - Балыкчы поезд каттамы Кыргызстандагы негизги ички каттамдардын бири. Жайкы аптапта көл кылаасын көздөгөн эс алуучулар үчүн поезд каттамы эң арзан жана убакытты көп алганына карабай коопсуз вариант.
Сүрөтбаяндын түп нускасы Азаттык радиосунун сайтына чыккан.
Июлдун 18инен тарта Бишкек - Балыкчы каттамындагы поезд аптанын ар күнү таңкы 6:30 да темир жол вокзалынан аттанат.Бир адамга билет баасы болгону 69 сом, ал эми 8 жашка чейинки тестиерлер үчүн бул сумманын жарымын гана төлөйсүзВагондордун ичи мурункудай плацкарт болбой, жүргүнчүлөр үчүн атайын орундуктар менен жабдылган.Узун жолду айрымдар китеп окуу менен кыскартса...башкалар жүгөрү жеп кыскартышат.Термеле ылдамдаган поездди булуттар терезеден аңдып ээрчийт.Рейстин камын жеп эрте турган жүргүнчүлөр уйкусун толуктоо менен алекПоезд болсо станциядан станцияга карай өз жолун улайт.Орточо төрт жарым саат жүргөн бул сапар кээ бирин эриктирсе..Жаңы тааныш тапкан кээ бирлерди эргитет.Терезе сыртында ажайып Сары-Өзөн талааларыАр бир поезддин өз каармандары бар. Узатуучу Жолдош байке өмүрүнүн 40 жылын темир жолго арнаган.Ал эми Валентина темир жолчулардын үй-бүлөсүнөн. Анын энеси да борт коштоочу болгон, өзү да 25 жылдан бери темир жол жүргүнчүлөрүн тейлеп иштеп келетТемир жол Боом капчыгайын аралап, жүргүнчүлөргө керемет көрүнүштөрдү тартуулайт.Жол камын көрө келгендер өз тамагын жешсе...Камы жоктор поездде аны муну сатып күн көргөн Гүлүмкан апанын потенциалдуу кардарлары.Бишкек - Торугарт кан жолун бойлогон поезд каттамы автоунааларга караганда жайыраак жүргөнү менен кыйла коопсуз.Тоо аралаган поездде жаштар келечек жөнүндө ой жүгүртсө,Улуулар өткөндү эстегенсийт.Поезд жүргүнчүлөрүнүн көпчүлүк бөлүгүн эс алууга бара жаткан жаштар жана үй-бүлөлөр түзөт.н жарымы толсо, жарымы толбогон бул каттамда шарттарды дагы жакшыртып, жаштарды тартуу үчүн wi fi сымал заманбап элементтерди кошуп, дагы көп кардар тартууга неге болбосун.