«Азаттык»: Кылкылдап поезд баратса...

Бишкек - Балыкчы поезд каттамы Кыргызстандагы негизги ички каттамдардын бири. Жайкы аптапта көл кылаасын көздөгөн эс алуучулар үчүн поезд каттамы эң арзан жана убакытты көп алганына карабай коопсуз вариант.

Сүрөтбаяндын түп нускасы Азаттык радиосунун сайтына чыккан.

Июлдун 18инен тарта Бишкек - Балыкчы каттамындагы поезд аптанын ар күнү таңкы 6:30 да темир жол вокзалынан аттанат.3B8620E4-C1D8-45FA-9F82-3A0CD9E8019B_w974_n_s_sБир адамга билет баасы болгону 69 сом, ал эми 8 жашка чейинки тестиерлер үчүн бул сумманын жарымын гана төлөйсүз7789673C-B533-48ED-9D3A-9AAB71B50280_w974_n_s_sВагондордун ичи мурункудай плацкарт болбой, жүргүнчүлөр үчүн атайын орундуктар менен жабдылган.8F9FA2DE-ED56-48B0-8F1C-E2DEB4FDD1BF_w974_n_s_sУзун жолду айрымдар китеп окуу менен кыскартса...AFCE9581-C16E-48C3-B0D0-D80B7DCEA743_w974_n_s_sбашкалар жүгөрү жеп кыскартышат.7DEE1A5D-53E6-4A6A-B1E2-5341670A1205_w974_n_s_sТермеле ылдамдаган поездди булуттар терезеден аңдып ээрчийт.6B976D11-8880-459E-9C6A-F5EEF8C68962_w974_n_s_sРейстин камын жеп эрте турган жүргүнчүлөр уйкусун толуктоо менен алек5421FAA3-3798-4475-8CB3-360DEB03C454_w974_n_s_sПоезд болсо станциядан станцияга карай өз жолун улайт.2718B154-50DD-4EA9-A1B2-9FCB55F68425_w974_n_s_sОрточо төрт жарым саат жүргөн бул сапар кээ бирин эриктирсе..3145BBCD-1D4F-4AB7-87DE-BE256122E0AB_w974_n_s_sЖаңы тааныш тапкан кээ бирлерди эргитет.DC70FD1E-C80F-4972-B7FE-DE3526F2FABD_w974_n_s_sТерезе сыртында ажайып Сары-Өзөн талаалары294295A5-6DC1-4EEB-913E-9ABCEDF1C411_w974_n_s_sАр бир поезддин өз каармандары бар. Узатуучу Жолдош байке өмүрүнүн 40 жылын темир жолго арнаган.71104D4F-6834-46E4-8EC0-B4D1371A0224_w974_n_s_sАл эми Валентина темир жолчулардын үй-бүлөсүнөн. Анын энеси да борт коштоочу болгон, өзү да 25 жылдан бери темир жол жүргүнчүлөрүн тейлеп иштеп келет71143A0B-5753-4F5A-A1CF-034896F5F723_w974_n_s_s2FF9F76B-8608-48F7-91A8-9461A3866C8D_w974_n_s_sТемир жол Боом капчыгайын аралап, жүргүнчүлөргө керемет көрүнүштөрдү тартуулайт.9C9B690A-5917-4C39-8C07-5710E1A53611_w974_n_s_sЖол камын көрө келгендер өз тамагын жешсе...EB5C09C9-3D5E-47F5-80A6-F3429F6951C6_w974_n_s_sКамы жоктор поездде аны муну сатып күн көргөн Гүлүмкан апанын потенциалдуу кардарлары.A3098E87-9CD4-40BC-9921-32330B35C77D_w974_n_s_sB3194ECD-E7EC-41C8-A315-3CA6F916CAF5_w974_n_s_s25D4E730-1FF7-466D-ADA9-1E89330E141C_w974_n_s_sБишкек - Торугарт кан жолун бойлогон поезд каттамы автоунааларга караганда жайыраак жүргөнү менен кыйла коопсуз.BB99C26D-E94C-431E-9155-E539C6457493_w974_n_s_sТоо аралаган поездде жаштар келечек жөнүндө ой жүгүртсө,BF7843E1-62BB-4BC8-BE32-D4236FCF69EA_w974_n_s_sУлуулар өткөндү эстегенсийт.2AEAD059-0C82-4DCC-804E-20C57DCE3641_w974_n_s_sA55C8506-1FBC-4E1E-8C9B-670BFC204B16_w974_n_s_sCD366CF2-4627-41EA-9E24-DB3917BAA589_w974_n_s_sПоезд жүргүнчүлөрүнүн көпчүлүк бөлүгүн эс алууга бара жаткан жаштар жана үй-бүлөлөр түзөт.EFC6D941-0347-42F6-AEB3-6BCB55492ED9_w974_n_s_sн жарымы толсо, жарымы толбогон бул каттамда шарттарды дагы жакшыртып, жаштарды тартуу үчүн wi fi сымал заманбап элементтерди кошуп, дагы көп кардар тартууга неге болбосун.218909C1-3DD7-4E1B-BE7C-E6793756CAB1_w974_n_s_s