Маршруттук таксилердин айдоочуларынын 28-июлдагы иш таштоосу Бишкекти коомдук транспорттун эң популярдуу түрүсүз калтырды.
Маршруттук таксилерсиз Тынчтык жана Чүй проспектилеринин кесилишиндеги аялдама күндөгүдөн башкача көрүнүштө. Коомдук транспорттун эң популярдуу түрүн каттамдарга чыккан троллейбустар алмаштырышты. Маршруттук таксилердин жоктугунан улам көчөлөр дээрлик жүктөлгөн эмес.Маршруттук таксилерсиз Тынчтык проспектиси ээн калгандай көрүнөт. Бөкөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде бир дагы маршруттук такси жок. Абдрахманов көчөсү час пик маалынды.Демилгелүү тапкыч такси айдоочулары аялдамаларга токтоп алышкан. Унаалардын жалпы агымынан автобустар менен троллейбустар гана өзгөчөлөнүп турушат.Аялдамадан жөнөп жаткан троллейбусту дароо эле жакындап келген автобус алмаштырууда.