Азырынча «Курманжан датка» тасмасынын постеринин финалдык варианты тандала элек

«Курманжан датка» тасмасынын жаратуучулары тасманы Монреаль кинофестивалында көрсөтүп тааныштыра турган постерди тандап жатышат.

Тасманын режиссеру Садык Шер-Нияз Kloop.kgге берген маегинде азырынча постерлердин кайсынысы «Курманжан датканы» канадалык Монреалда тааныштырып көрсөтөөрүн айта албастыгын билдирди.datka«Мага нейтралитетти кармоо керек — бул эки автор жаш дизайнерлер. Менин комментарийимен кийин алар бирөөбүзгө жан тартып жатат деп таарынып калуулары мүмкүн. Бирок 1-2 күндүн ичинде биз биротоло тандап алабыз», — деди ал.

Kloop.kgнин редакциясы өзүнүн Facebookтагы баракчасында жүргүзгөн сурамжылоонун жоопторуна ылайык, колдонуучулардын көбү биринчи вариантына ыкташкандыгы байкалат. Анткен менен сунушталган постерлердин бирин да жактырбагандар болду.

«Мага эки варианты тең жакпай эле. Эмнегедир Курманжан датканын жүзүндө КОРКУНУЧ көрүнүп турат. Башкы постерде Курманжандын 50 сомдуктагыдай улгайган кези болушу керек деп ойлойм. Акылман, кайраттуу жана сулуу», — деп жазган Тынчтыкбек Жанадыл. Анын бул жазган пикирин колдонуучулардын көбү жактырышкан.

Шер-Нияздын өзү болсо постерде Курманжан датка «тоолук жаш кыздын» образында көрсөтүлүшү керек деп эсептейт.

«Адамдар алгач тасманын аталышын укканда көпчүлүгү сымбаттуу, мүмкүн орой падышанын образын элестетишет чыгар. Бирок, Курманжан датка биринчи кезекте адам болгон, аялзаты болгон. Тасма да аялзаты, анын кылган иштери тууралуу тартылган. Ал дагы кейиген, кайгырган. Бул жөн гана кийин ушундай урмат-сыйга ээ болгон өздөрүнүн улуу эрдиктери бар кадимкидей эле адамдар», — деди режиссёр.

Шер-Нияз менен болгон маектик толук бөлүгү:

https://soundcloud.com/kloop-1/xuobdnwbbckc

Тасманын жаратуучусунун айтымында, азыр постердин эл аралык варианты тандалууда, ал эми кыргыз прокаты үчүн дагы бир нече постер даярдалат.

«Кептин жөнү азыр Монреаль бизден постер сурап жатат — бул кайсыл гана ири кинофестиваль болбосун милдеттүү түрдөгү атрибуту болуп эсептелет. Биз азыр тез аранын ичинде эл аралык вариантын даярдап жатабыз. Ал эми жергиликтүү прокатта постерлер көп эле болот болуш керек — тасмада төрт актриса бар, афишаларда алардын баары болот деп ойлойм», — деди ал.

«Курманжан датка» — эгемендүү Кыргызстандын алгачкы мамлекеттик тасмасы, аны тартууга 1 млн. АКШ долларынан ашык каражат бөлүнгөн. Тасманын бюджети анын жаратуучулары менен тасманы тартууга өтө эле көп каражат жумшалды деп эсептеп жаткан жаш саясатчынын ортосунда талаш жараткан.

Солдон оңго: француз чыгыш таануучусу Поль Пелльо, Курманжан датка, анын небереси жана Маннергейм, «Алай ханышасынын» боз үйүндө
Солдон оңго: француз чыгыш таануучусу Поль Пелльо, Курманжан датка, анын небереси жана Маннергейм, «Алай ханышасынын» боз үйүндө

Тема боюнчаБолочоктогу финн президенти Курманжан Датканы кантип сүрөткө тарткан

Тасма XIX кылымда алайлык кыргыздардын жол башчысы болгон Курманжан датканын жашоосу тууралуу баяндайт. Шер-Нияздын айтымында, ал тасманын башкы каарманынын адамдык өзгөчөлүктөрүнө көбүрөөк басым жасаган.