Бишкек: Азырынча маршруттук таксилердеги жол кире өзгөрбөйт

Бишкек шаардык кеңеши маршруттук таксилердеги жол кирени жогорулатуу маселесин кароо үчүн жумушка чыгышпайт. Буга чейин нааразы болгон айдоочулар иш таштоого барышып, жол киренин кымбатташын талап кылышкан болчу.

Айдоочулардын күйүүчү майдын кымбатташына жана жол эрежесин бузуу үчүн жаңы айыптын киргизилгендигине нааразы болуп иш таштоосунан улам 28-июлда Бишкек маршруттук таксилерсиз калган. Маршруттук такси айдоочуларынын иш таштоосуна карабастан Бишкек шаардык кеңеши жол кирени жогорулатуу маселесин карабай эле.

Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз катчысы Наргиза Дербишева Kloop.kgге берген маегинде депутаттар сентябрга чейин эс алууда экендигин жана ага чейин жол кире жогорулабай тургандыгын айтты.

«Азыр жол кире 10 сом бойдон калууда. Бизге бул маселе келип түшө элек. Азыр депутаттардын бардыгы тең эс алууда, сентябрга чейин. Ошондуктан мындай маселе карала элек. А жол кире ошол бойдон калды, өзгөрүүсүз эле», — деди басма сөз катчы.

Бишкек шаардык кеңешинин документациялык камсыздоо жана көзөмөл бөлүмүнүн жетекчиси Сайрагүл Асанбаева Kloop.kgге берген маегинде жол кирени жогорулатуу маселеси азырынча карала электигин билдирди.

«Мен бул боюнча эч нерсе айта албайм, анткени бүгүнкү күнгө карата шаардык кеңешке эч кандай документ келип түшө элек», — деди ал.

Тема боюнча: Бишкек маршруттук таксилерсиз (сүрөтбаян)

Транспорт жана байланыш министрлигинен шаардагы жол кирени жогорулатуу боюнча чечим жергиликтүү бийлик — шаардык кеңеш менен мэрия тарабынан кабыл алына тургандыгын билдиришти. Мэриядан Kloop.kgге бул маселе Бишкек шаардык кеңешинин токтомунан кийин гана каралаарын айтышты.

Азырынча айдоочулардын өзүлөрү менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок.

Маршруттук таксилердин айдоочулары 28-июль күнү жол кирени жогорулатуу боюнча түрдүү — 15 сомдон 30 сомго чейин көтөрүү талаптарын айтышкан. Азыр жүргүнчүлөр кичи автобустарга күндүз 10 сом, кечинде 12 сом төлөшөт.

Айдоочулар күйүүчү майга болгон баалардын жогорулашына жана жол эрежесин бузуу үчүн жаңы эрежелердин киргизилишине нааразы болушкан. Анткен менен бийликтин расмий версиясына ылайык, 28-июлда Бишкекте маршруттук таксилерди жоктугу «белгисиз адамдар тарабынан коркутуулардын болгондугу» менен түшүндүрүлгөн.