Ош: Газ каатчылыгы кышында электр энергиясынын өчүрүлүүсүнө алып келиши мүмкүн

Кыргызстандын түштүгүндө газдын жоктугунан улам күз-кыш мезгилдеринде электр энергиясын берүүдө көйгөйлөр жаралышы мүмкүн, деди Оштун вице-мэри. Өлкөнүн түштүгүндө 60 миңден ашык абонент төрт айдан бери газсыз жашап келет.

Ош шаарынын бийлиги газдын жоктугунан улам 2014-2015-жылкы күз-кыш мезгилинде электр энергиясын колдонуунун көлөмү кескин жогорулашы мүмкүн экендигин билдиришүүдө.

Оштун вице-мэри Курманалы Абдырахман уулу Kloop.kgге берген маегинде түштүктөгү газ каатчылыгынын фонунда шаарда пландуу түрдө электр энергиясы өчүрүлүп башташы мүмкүндүгүн айтты.

«Эгер көп кабаттуу үйлөрдө жашасаңар ЖЭБга кошулгула, а эгер жер тамда болсоңор кышка көмүр алып даярдангыла деп шаардыктарга кайрылып жатабыз», — деди Абдырахман уулу.

Вице-мэрдин айтымында, өлкөнүн түштүгүнө газ берүү үстүбүздөгү жылдын күз айларында калыбына келтирилиши мүмкүн деген маалыматтар бар, бирок ал маалымттар азырынча тактала элек.

«Бизде сапаттуу газ эч качан болгон эмес деп ачык айта алам. Эгер чынында эле газ шаарга бериле баштаса жакшы болот, бирок кандай болгон күндө да биз газдын жок болооруна даяр болушубуз керек», — деди вице-мэр.

Анын айтымында, азыр Оштун жашоочулары алдыдагы кышка жигердүү даярданып жатышат. 24-июлда өткөрүлгөн коомдук угуунун жүрүшүндө шаардын кварталдарынын жашоочулары менен атайын чогулуштарды өткөрүү чечими кабыл алынган.

«Газдын жоктугу жана электр энергиясынын чектелүү экендигин эске алуу менен кышка даярдыктарды көрүү боюнча жашоочуларга маалымат берип жатабыз. Ушул аптанын ичинде чогулуштар аякташы керек, дүйшөмбүгө карата жалпы шаардык штаб уюштуруп, анда жылуулук берүүгө болгон даярдыктар боюнча алгачкы бааларды беребиз», — деди Абдырахман уулу.

Төрт айдан бери газ жок

23-июлда премьер-министр Жоомарт Оторбаев Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө жаратылыш газын бербей тургандыгын билдирген. Өлкөнүн түштүгүндө Өзбекстан газ жеткирүү боюнча түзүлгөн келишимдин мөөнөтүн узартуудан баш тарткан үстүбүздөгү жылдын апрелинен бери жок.

«Биз кышында көмүргө өтүшүбүз керек. Алдыдагы кыш айларында Өзбекстан газ бербейт, альтернативдүү булактарды издеп табуу керек», — деген Оторбаев.

Өзбекстан менен газ жеткирүү боюнча жаңы келишим түзүү тууралуу сүйлөшүүлөр азырынча эч кандай жыйынтык бере элек. Учурда өлкөнүн көгүлтүр отун менен камсыз болушу үчүн апрелде «Кыргызгазды» сатып алган Орусиянын мамлекеттик «Газпром» корпорациясы жооптуу.

Оштогу газ каатчылыгы президент Алмазбек Атамбаевдин да көңүлүн бурбай койгон жок — ал июнь айынын соңунда каатчылык маалында оштуктарды баллондордогу суюлтулган газ менен камсыз кылуу тапшырмасын берген. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, жалпысынан 60 миңден ашык киши газсыз калган.

«Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын сайтына чыккан расмий эмес версияга ылайык, Өзбекстан газдын ордуна Нарын дарыясындагы электр станциялары боюнча эл аралык экспертизанын жүргүзүлүшүн жана Сох анклавына барууга коридор талап кылууда.