«Роснефть»: Казакстан Кыргызстанга алынып келе жаткан күйүүчү майларды өткөрүшү керек

Казакстандын өкмөтү күйүүчү май жүктөлгөн 900гө чукул вагонду өз аймагында кармап туруу менен Бажы биримдигинин мыйзамдарын бузуп жатат, деп эсептейт «Роснефти» ишканасынын башчысы Игорь Сечин.

Казакстандын аймагында кармалып турган күйүүчү май жүктөлгөн вагондор чек арадан өткөрүлүшү керек, деп эсептейт Орусиянын «Ростнефть» ири мамлекеттик корпорациясы. Ал вагондогу товарлар аталган ишканага таандык.

Вагондор Казакстандын бийлиги тарабынан үстүбүздөгү жылдын жазында кыргыз-казак чек арасында кармалган — расмий Астана андагы күйүүчү май Бажы биримдигинин нормаларын бузуу менен же Казакстандан аткезчилик жол менен алынып келе жаткан деген шектенүүлөрүн билдирген.

«Роснефть» ишканасынын башчысы Игорь Сечин Казакстандын өкмөтүнө күйүүчү май жүктөлгөн вагондорду камактан бошотуу өтүнүчү менен кат жолдоду — анын пикиринде, Бажы биримдигинин нормаларын бузуу жөнүндө айтылган билдирүүлөр мыйзамга ылайык келбейт.

«Бажы декларацияларында жазылган маалыматтардын ишенимдүүлүгү жана толуктугу орусиялык бажы органдары тарабынан текшерилгендигин эске алуу зарыл. Товарлар бажыдан бажы мыйзамынын талаптары менен толук дал келген шартта чыгарылган», — деп жазган ал өзүнүн Казакстан премьер-министри Карим Масимовго жолдогон кайрылуусунда.

Сечин казак бажы органдары мындай аракеттери менен товарларын Казакстандын аймагы аркылуу гана жеткире ала турган өлкөлөр менен орусиялык компаниялардын соодалашуусуна тоскоолдук кылып жаткандыктарын жазган.

«Жамбыл облусундагы «Кулан» бажы өтмөгү мындай аракеттери менен географиялык жактан товарларын Казак Республикасынын аймагы аркылуу гана алып өтүүгө мүмкүн болгон өлкөлөр менен орусиялык компаниялардын эркин соодалашуусуна тоскоолдук кылууда. Жалпысынан алганда, бул Бажы биримдигинин принциптерине каршы келет жана Орусия Федерациясынын резидент-компанияларынын мыйзамдуу кызыкчылыктары менен укуктарын басмырлоодо», — деп жазган «Роснефтинин» башчысы.

Азырынча Казакстандын бийлиги Сечиндин бул кайрылуусу боюнча эч нерсе билдире элек.

Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баалардын жогорулашы

Күйүүчү май ташып келе жаткан вагондордун Казакстандын аймагында кармалышы Кыргызстандын бийлиги, нефтетрейдерлери жана айдоочулары тараптан реакция жаратты —акыркылары күйүүчү майдын кармалып турушу бензинге болгон баалардын жогорулашына алып келгендигин билдиришти.

«Албетте, бул фактор Кыргызстандагы күйүүчү майга болгон баалардын өсүшүнө таасирин тийгизди. Анткени ал товарга миллиондогон АКШ доллары жумшалган, а ал болсо кармалып турат, андан улам ал акча каражаты жүргүртүүдөн чыгарылды», — деп билдирген 30-июлда Мунай продуктуларын ташуучулардын биримдигинин Байкоочу кеңешинин башчысы Эдиль Саркобенов.

Бирок Кыргызстандын өкмөтү бензинге болгон баалардын өсүшүн 900 вагон күйүүчү майдын Казакстандын аймагында кармалып тургандыгы менен байланыштырбайт. Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев баалардын жогорулашы сырткы факторлорго эмес, ички факторлорго байланыштуу экендигин билдирген.

«Бул Кыргызстандагы күйүүчү майга болгон баалардын жогорулашынын себеби эмес, «Газпромнефтьазия» жана башка нефтетрейдерлер күйүүчү май алып келүүдө жакшы иштеп жатышат.[...] Бул орусиялык заводдо өрт чыгып, ишкана жылдын соңуна чейин ишин токтоткондугуна байланыштуу. Ал эмес Орусиянын ичинде да баалар жогорулап жатат. Аны менен катар нефтетрейдерлер тарабынан май жеткирүүлөр уланууда, абал турукташат. Дүрбөлөң болбойт», — деп билдирген Оторбаев 23-июлда.

Күйүүчү майга болгон баалардын жогорулашын биринчилерден болуп Бишкектин тургундары сезишти — 28-июнда маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштоого барышып, шаардыктар коомдук транспортун ал түрү жок калышкан.

Айдоочулар нааразычылыктарынын бир нече себептерин билдиришкен, алардын ичинде күйүүчү майдын кымбатташы да бар болгон.