Юристтер жылуулук берүү жана ысык сууга болгон баалардын жогорулашы боюнча сотто даттанышат

«Прецедент» юридикалык фирмасынын кызматкерлери жылуулук берүү жана ысык сууга болгон бааларды жогорулаткандыгы үчүн өкмөттү сотко берди. Алар доо арызындын жазылышын бийлик бааларды жогорулатууда коомдук угууларды өткөрбөгөндүгү менен түшүндүрүп жатышат.

«Прецедент» республикалык маанидеги маселелерди чечүүнүн алдында коомдук угууларды өткөрүү керек болчу деп, жылуулук менен ысык сууга болгон тарифтерди жогорулатуу тууралуу өкмөттүн чечими боюнча сотко кайрылды.

«Республикалык маанидеги маселелер боюнча коомдук талкуулар өткөрүлгөн жок. Жылуулук менен электр жарыгына болгон баалар — бул республикалык маанидеги чечимдер. Коомдук талкуулардын алгоритми мыйзамда жазылган», — деди Kloop.kgге берген маегинде «Прецедент» уюмунун башчысы Нурбек Токтакунов.

Ал кошумчалагандай, өкмөт ысык сууга болгон баалардын кантип түзүлө тургандыгынын эсептерин жарыялашы керек болчу.

«Ал сандар кана, баалардын кантип түзүлөөрүн эч ким билбейт. Мында мен өкмөт тарабынан уурулук жана коррупция болууда деп шектенип жатам. Ошондуктан мен эсептер менен конкреттүү сандардын берилишин жана баалардын жогорулашы боюнча эл менен бирге чындап талкуулардын жүргүзүлушун талап кылып жатам», — деди Токтакунов.

«Прецеденттин» башчысынын пикиринде, тарифтердин жогорулашы башка товарлардын кымбатташына алып келет.

«Тарифтер баардык колдонуучулар үчүн жогорулайт. Алардын ичинде айыл чарбадагы, өндүрүш тармагындагы жана коммерициялык тармактагы адамдар да бар. Элдик пайдалануудагы товарларды өндүрүү кымбатыраак болот, мындан улам товарларга болгон баалар да жогорулайт», — деп эсептейт ал.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги тескерисинче, ысык сууга болгон тарифтерди жогорулатуу тууралуу маалыматтарды жарыялагандыгын, коомдук угууларды өткөрүп басма сөз жыйынын өткөргөндүгүн билдирүүдө.

«Биз ал активисттердин талаптарын негизсиз деп эсептейбиз. Эгер ал эки жаран жаңылыктарга көз жүгүртүп турушпаса, аларга кантип жеткирүү керектигин мен билбейм. Эми ал соттук процесстин качан боло тургандыгы жөнүндөгү маалыматты күтүп жатабыз, биз ага катышууга милдеттүүбүз. Бардык аргументтерибизди ошол жакта көрсөтөбүз», — деп билдирген «Взгляд» порталына берген маегинде Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин директору Миргүл Айдарова.

Жылуулук берүү жана ысык сууга болгон жаңы тарифтер үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кирген. Аларга ылайык, жогоруда аталган кызматтарга болгон баалар пайдалануу нормаларынан ашыкча колдонбогон кардарлар үчүн болжол менен 27 пайызга, ал эми нормадан ашыра колдонгондор үчүн 117 пайызга чейин жогорулайт.

Автор: Анна Тищенко