Бишкектин экс-мэри Өмүркулов «мыйзамсыз» жер берүү иши боюнча акталды [+ видео]

Бишкектин Октябрь райондук соту борбордун мурунку мэри Иса Өмүркуловду Жеңиш сейил багынын аянтын «мыйзамсыз» кыскартуу боюнча козголгон кылмыш иши боюнча актады. 

Актоо өкүмү 1-август күнү Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан чыгарылды. Өмүркуловго каршы кылмыш иши өткөн жылдын декабрынын башында козголгон — экс-мэр Жеңиш сейил багынын аянтын кыскарткан деп айыпталган.

Мамлекеттик айыптоонун маалыматы боюнча, Өмүркулов Бишкектин мэри болуп турган кезде сейил багынын аянты 16 гектарга кыскартылып, коммерциялык фирмаларга берилген.

9-июндагы сотто мамлекеттик айыптоо Өмүркуловго карата үч жылдык мөөнөткө муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу жана мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен катаал режимдеги абакка 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмүнүн чыгарылышын суранган.

Ошондой эле мурунку калаа башчысы менен бирге Бишкек муниципалитетинин дагы төрт чиновниги айыпталууда — прокуратуранын маалыматы боюнча, сейил багынын аянтын жеке колдонууга берүүгө алардын да тиешелери бар болгон.

Алар үчүн мамлекеттик айыптоочу азыраак — 5 жылдан 6 жылга чейинки мөөнөткө катаал режимдеги абакка эркинен ажыратуу жазасын сураган.

Башкы көзөмөл органы тарабынан айып тагылгандан эки күн өткөндөн кийин ал кызматынан өз каалоосу менен кетүү боюнча арызын жазган, бирок мэрликтен кетишинин ага каршы козголгон кылмыш ишине эч байланышы жок экенин билдирген.

Өмүркулов Бишкектин мэри болуп 2010-жылдагы революциядан кийин дароо дайындалган. Ал мэр болуп турганда шаар тургундарынын арасында ага карата түрдүү пикирлер айтылып турган.

Сынчылар аны акчалардын изин жашырууга жана Бишкекте инфраструктуралык жакшыртуулардын жоктугуна айыпташса, анын тарапташтары 2013-жылы борбордо болуп көрбөгөндөн көп сандагы жолдордун оңдолгонун белгилеп келишет.