Google менен Кыргызстандын өкмөтү туристтик Street View сервисин ишке киргизүү боюнча макулдашышты

Google интернет алпы Кыргызстандын ажайып жайларынын панорамалык сүрөттөрүн Street View деп аталган туристтик сервисине киргизди. Бүгүнкү күндө программа дүйнөнүн 56 өлкөсүндө иштейт.

Google Кыргызстандын өкмөтүн өлкөнүн ажайып жайларын Интернетте көрсөтүп жайылтууга багытталган «Street View Кыргызстан» долбоору менен тааныштырды.

Өлкөнүн ажайып жайлары Google компаниясынын картасына киргизилип, 360 градус обзордогу панорамалуу сүрөттөрү менен бирге көрсөтүлөт.

Google компаниясынын өкүлү Олег Якичук премьер-министр менен болгон жолугушуусунда Кыргызстандын Street View сервисинде болушу туристтердин өлкөгө болгон кызыгууларын
арттырышы мүмкүндүгүн билдирди.

«Street View» долбоору — бул дүйнөгө болгон терезе. Кыргызстан тууралуу көп угушкан, бирок тилекке каршы көбү келип көрө элек. Долбоор өлкөнүн укмуштуудай жерлерин көрүүгө, анын жашоо-турмушу, жаратылышы жана ажайып жайлары менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт», — деди Якичук.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Гүлнура Төралиева Kloop.kgге берген маегинде Street View сервисине сүрөттөрдү тартуу иштери үстүбүздөгү жылдын ноябрында аяктай тургандыгын билдирди.

«Сүрөттөрдү тартуу иштерин алардын ачык, даана болуулары үчүн эртерээк, күн сууктай электе
баштоо керектиги тууралуу чечим кабыл алынды. [...] Google компаниясынын эсептөөлөрү боюнча,долбоорду толугу менен ишке ашырууга 6-8 ай талап кылынат», — деди ал.

Төралиева сүрөткө тартыла турган ажайып жайлардын тизмеси Кыргызстандын Маданият
министрлигинин алдындагы Туризм департаменти менен биргеликте түзүлүп бүткөрүлө тургандыгын
кошумчалады.

«Болжол менен 20га чукул объект, бирок азырынча алар жаратылышты киргизбей эле. Ошондуктан
Google тизмени кеңейтүү боюнча жардам берүүбүздү өтүндү», — деп түшүндүрдү басма сөз катчы.

«Биринчи кезекте жаратылыш»

Kloop.kgнин кабарчысы тарабынан сурамжыланган туристтик фирмалар Кыргызстанда Street View сервисинин ишке киргизиле тургандыгы жөнүндөгү кабарды жактыруу менен кабылдашты — алардын пикирлеринде, сервисте биринчи кезекте кыргыз жаратылышынын сүрөттөрү пайда болушу керек.

Central Asia Travel System фирмасынын туризм боюнча менеджери Бегина Ахматова ажайып жайлардын тизмесине биринчилерден болуп жаратылыш көрүнүштөрү кириши керек деп эсептейт.

«Бизде эстеликтердин өзү деле көп эмес, ошондуктан биринчи кезекте жаратылыш көрүнүштөрү. [..] Бишкекте деле айрыкча мактанаарлык эч нерсебиз жок, эгер кооз ракурстардан эле көрсөтүлбөсө. Бизге туристтер
деңиздерден, тоо маршруттарынан төмөн түшүү үчүн келишет», — деди ал.

Sky Tour туристтик фирмасынын башчысы Казыбек Зарылбек уулу тизмеде жаратылыш коруктары биринчи болушу керек деген пикирди колдойт.

«Ысык-Көл, Ысык-Көлдүн коругу, Сары-Челек, Жалал-Абад, Арсланбоб — биз өзүбүз барып эс алып жүргөн жерлерге меймандарды да чакырсак болот. [...] Анан тарыхый эстеликтерди да көрсөтүүгө болот, бирок албетте биринчи кезекте жаратылышын», — деди турфирманын өкүлү.

Air Fresh туристтик фирмасынын коммерциялык директору Марлен Чоноров бул программаны буга чейин деле эртерээк ишке киргизсе болмок деп эсептейт.

«Биринчи кезекте программа орус жана англис тилдеринде болушу керек. Тизменин башында тарыхый жайлар — Манастын күмбөзү, Сулайман Тоо, Бурана, анан жаратылыш көрүнүштөрү — Жети-Өгүз, Сары-Челек болушу керек», — деп эсептейт Чоноров.

«Көчөлөрдү көрүү» (Google Street View) сервиси дүйнөнүн көптөгөн шаарларынын көчөлөрүнүн панорамалуу көрүнүштөрүн көрүүгө мүмкүндүк берет. Учурда программа дүйнөнүн 56 өлкөсүндө жеткиликтүү.

Googleдун понарамалык сүрөттөрү 360 градус обзордогу атайын камералардын жардамы менен тартылат, алар унааларга, велосипеддерге, ал эмес катерлер менен карда жүрчү снегоходдорго да орнотулат.

Жыйынтыгында шаардын бардык деталдарын камтыган, анын так үлгүсүн элестеткен чоң сүрөт пайда болот.

Панорамалуу тартылган сүрөттөрдөн ажайып жайларды гана эмес, унаалардын номурларын, көчөдө турган адамдардын жүздөрүнө чейин көрүүгө мүмкүн болгондуктан 2013-жылы Google 7 млн. доллар өлчөмүндө айып төлөгөн.

Ал чырдын чыгышына ачыкталууга милдеттүү болбогон жеке маалыматтардын эрежелеринин сакталбагандыгы себеп болгон. Соттон кийинпанорамалуу сүрөттөрдөгү унаалардын номурларын «жаап-жашырып» башташкан.