«Кыргызмунайгаздын» банкрот болуу ыктымалдыгы түштүктөгү газ каатчылыгын күчөтөт

Кыргызстанга керектүү болгон жалпы мунайдын бештен бир бөлүгүн жеткирип турган «Кыргызмунайгаз» ишканасы банкрот болуу алдында турат — фирма акционерлерге үлүштүк кирешелери менен жумушчуларына айлык төлөп берүүсү керек.

«Кыргызмунайгаздын» Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Шарпалы Бакаев Kloop.kgге берген маегинде эгер ишкана банкрот боло турган болсо Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттап, өлкөнүн түштүгүндөгү калктын жарымы алардын газысыз кала тургандыгын билдирди.

«Албетте, газ менен мунай кымбаттайт. Биз Кыргызстанды 18 пайыз мунай менен камсыздайбыз. Газды айтсак, өлкөнүн түштүгү жабыркайт — Кочкор-Ата, Майлуу-Суу лампа заводу, андагы эл биздин газды пайдаланышат. Ошондой эле Жалал-Абаддын жарымы да», — деди Бакаев.

Анын айтымында, ишкана «Электр станциялары» жана «Кыргыз турак-жай коммуналдык союз» компанияларына мазут жеткирет, бирок 2012-жылдан бери жеткирилген товар үчүн акча албай келет — аталган фирмалар «Кыргызмунайгазга» 340 млн. сомдон ашык карыз.

Өз кезегинде «Кыргызмунайгаз»жогорудагы компаниялар карыздарын төлөбөгөндүктөн улам акционерлерине үлүштүк кирешелери менен жумушчуларына айлыктарын төлөп бере албай калууда.

«Эгер ушул бойдон эле улана бере турган болсо ишкана менен эмне болот белгисиз. Адамдар тынчсызданып жатышат. Тиешелүү министрликтер бул маселени азырынча эч кандай көзөмөлгө алышкан жок. Биз бир нече жолу кайрылдык.Өкмөттөн маселе «чечилип» жаткандыгын айтып атышат, бирок таптакыр эле чечип бүтө албай коюшту», — деди Бакаев.

Анын айтымында, эгер«Кыргызмунайгаз» банкрот болсо 2500гө чукул киши жумушсуз калат.

Ишкана «Электр станциялары» менен «Кыргыз турак-жай коммуналдык союздун» карыздарын төлөтүүгө жардам сурап Энергетика министрлигине кайрылган. Азырынча бийлик «Кыргызмунайгаздын» бул өтүнүчүнө эч кандай реакция жасай элек.
Жаңы жабдууларды сатып алууга каражаттын жоктугунан улам азыр ишкана жаңы скважиналарды бургулоо жана учурдагы скважиналарды капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча иштерди убактылуу токтото турууга мажбур болгон.

«Кыргыз турак-жай коммуналдык союздун» басма сөз кызматынын өкүлүKloop.kgге берген маегинде ишкананын «Кыргызмунайгазга» карыз экендиги тууралуу аларга белгисиз экенин билдирди. Бул боюнча комментарий алуу үчүн «Электр станциялары» ишканасы жеткиликсиз болуп чыкты, бирок Бакаевдин айтымында, ал компания карыздарынан күзгө чейин кутулууну убада кылган.

«Кыргызмунайгаз» ишканасынын банкрот болуу ыктымалдыгы тууралуу билдирүү өлкөнүн түштүгүндө уланып жаткан газ каатчылыгы жана күйүүчү майга болгон баалардын өсүшүнүн фонунда жарыяланууда.

Кыргызстандын түштүгүндө 60 миңден ашык абонент Өзбекстан газ жеткирүү боюнча түзүлгөн келишимдин мөөнөтүн узартуудан баш тарткандан кийин, үстүбүздөгү жылдын апрелинен бери жаратылыш газы жок жашап келет.