Сот Келдибековдун Германияга барып дарылануусуна уруксат берди

Бүгүн, 1-августта, Биринчи май райондук соту коррупцияга шектелип кармалган депутат Акматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды.

Судья парламенттин мурунку төрагасынын жактоочусунун өтүнүчүн канааттандырды — жакында Келдибекоа дарыланууга Германияга кетет.

Айыпталып жаткан депутатка ушул жылдын ичинде эле 4 операция жасалган, жактоочуларынын айтымдарында, учурда ал бешинчи операциясын жасатууга даярданып жатат.