Акаев Кыргызстанга келиши мүмкүн, Башкы прокуратура суракка алаарын убадалоодо

2005-жылы бийликтен кеткен Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаев агасынын кайтыш болгондугуна байланыштуу келе турган болсо, суракка чакырылат, деп билдирди башкы прокурор Аида Салянова.

Башкы прокурор Аида Салянова прокуратуранын тергөөчүлөрүндө Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаевге бере турган «суроолору бар экенин» билдирди.

«Эгер Аскар Акаев Кыргызстанга келе турган болсо биз тиешелүү тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн сөзсүз андай мүмкүнчүлүктү пайдаланабыз», — деп жазган «АКИпресс» маалымат агенттиги Салянованын айткандарын.

Башкы прокурордун айтымында, Акаев анын жакындары, үй-бүлө мүчөлөрү жана туугандарынын катыштыгы бар болгон бир нече кылмыш иши боюнча көрсөтмө бере алат.

«Мисалы,  Кумтөрдүн түзүмүн өзгөртүү, «Бител» компаниясын түзүүдө мамлекеттин үлүшүн рейдердик жол менен тартып алуу жана башка. Биз үчүн Акаев менен бирге ошол кездеги чечим чыгарууга катышкан бардык тараптардын, анын ичинде Аскар Акаевдин да көрсөтмөлөрү маанилүү», — деп жазган «АКИпресс» Салянованын айткандарын.

Акаевдин агасынын кайтыш болгондугуна байланыштуу келиши мүмкүндүгү Кыргызстандагы эң көп талкууланган темалардын бири болуп калды.

Мурунку президенттин Кыргызстанга келиши мүмкүндүгү жөнүндөгү жаңылыкты 4-август күнү «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы таратты.

Басылманын маалыматы боюнча, Акаев Кыргызстанга эртең, 5-августта 82 жашында каза болгон агасы Болот Акаевге топурак салуу үчүн келиши керек.

«Вечерний Бишкек» «экс-президенттин келе тургандыгы боюнча маалыматка ээ» булактарга таянууда: «Акаев ага карата козголгон кылмыш иштерине карабастан агасынын зыйнатына келе ала турганы боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр бар. Ал кадимки аба каттамы менен келиши ыктымал».

24.kg маалымат агенттиги Акаевдин өзүнө шилтеме жасап маалымат жазды — ага ылайык, Кыргызстандын мурунку президенти келе тургандыгы боюнча айтылып жаткан маалыматтарды ырастаган да четке каккан да эмес.

«Бул бир нерсе деп комментарий берүүгө мүмкүн болчу учур, кырдаал эмес», — деп жазган агенттик Акаевдин айткандарын.

Акаевдин Кыргызстандагы кызыкчылыгын коргогон юрист Икрамидин Айткулов Kloop.kgге берген маегинде учурда мурунку президенттин Кыргызстанга келишине байланышкан маселе чечилип жатканын, бирок азырынча акыркы чечимдин жоктугун айтты.

«Менин билишимче, ал келүүнү каалап жатат. Бирок буга бийликтегилерде кандай реакция болоору суроо жаратат — мүмкүнчүлүк беришеби же жокпу. Бул маселе азыр талкууланууда, чечилип жатат», — деди Айткулов.

Туңгуч президент

Аскар Акаев 1991-жылдан 2005-жылга чейин эгемендүү Кыргызстандын президенти, ошондой эле 1990-жылдан 1991-жылга чейин Кыргыз ССРинин да президенти болгон.

Алгачкы башкаруу жылдарында ал мурунку СССРдин аймагындагы эң либералдуу лидер катары эсептелинип келген.

1991-жылдын январында ал Американын «Крисчиан Сайенс Монитор» гезитине берген маегинде эркин экономика менен жеке менчик идеясын жактай тургандыгын билдирген.

2000-жылдардын башталышына жакын Акаевди башкаруудагы авторитаризм үчүн сындап башташкан. Ал сындар өзгөчө 2002-жылы Аксыдагы нааразычылык акциясынын катышуучуларына каршы ок атылганда жана 2005-жылдагы парламенттик шайлоолордогу мыйзам бузуулардан кийин (анда бир канча убакыт Акаевдин уулу Айдар менен кызы Бермет депутат болушкан) күчөгөн.

Акаев бийликтен 2005-жылдын март айында Кыргызстанда башталган массалык акциялар менен толкундоолордон кийин кеткен. 24-мартта — качан нааразычылык акциялары Бишкекке жеткенде — Акаев Кыргызстандан чыгып кеткен, ошондон бери Москвада жашап келет.

2010-жылдын апрелиндеги революциядан кийин Акаев кол тийбестиги менен экс-президент статусунан ажыратылган — жаңы бийлик аны «эл менен мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келген иштери» үчүн айыптаган.