(Балким) Борбордук Азиядагы эң кичинекей эл аралык аба майдан

Kloop.kgнин башкы редактору Бектур Искендер Борбордук Азиядагы эң кичинекей аба майдандардын биринин ишин сүрөткө тартты. Кичинекей болгону менен ал сыймыктуу «эл аралык» деген атты алып жүрөт.

Баяндоо автордун атынан жүрөт.

Тамчы айылындагы аба майдан Борбордук Азиядагы эң кичинекей аба майдан дегенимде кеп анын учуп-конуучу тилкелеринин мүнөздөмөсү тууралуу болбой эле. Терминалынын өлчөмү тууралуу айтып жатам.

Ысык-Көл эл аралык аба майданы болжол менен мына мындай көрүнүшкө ээ:tamchy_08-1024x682Бирок бул көлөмү — орточо супермаркеттин көлөмүнөн чоң эмес — аба майдандын иштеп жаткан каттамдарды тейлөөсүнө толук жетишет.

Тагыраагы, учурда иштеп жаткан жалгыз гана бир каттам бар, анткени Тамчыга «Скат» авиакомпаниясынын Як-42си гана Алматыдан аптасына үч жолу учат.

Ошондой күндөрдүн биринде мен ал аба майдандын ичине кирүүгө мүмкүндүк таптым. Менин башкы максатым болушунча көбүрөөк сүрөткө тартуу болчу, бирок ал иштин мынчалык жеңил болорун күткөн эмесмин.

Эгер Бишкектеги «Манаста» жалпы аймакта да сүрөткө тартууга тыюу салган эреже бар болсо, Тамчыдагы күзөт болуп көрбөгөндөй жайдары, ак көңүл болуп чыкты.

Аба майдандын аймагына кирүү үчүн жылмаюу жана журналисттик күбөлүгүмдү көрсөтүү гана жетиштүү болду. Алгач мен Алматыга уча турган жүргүнчүлөр өтүп жаткан кире беришке жайгаштым.tamchy_09-1024x682Мага аба майдандын тосмонун сыртынан көрүнбөгөн, жүргүнчүлөр үчүн гана ачыла турган бөлүгүнүн кандай экендиги кызык болду. Ошондуктан мен андан ары кирип, мына мындай сыймыктуу жазууну көрдүм:tamchy_11-1024x682Уча турган жүргүнчүлөрдүн жүктөрү этияттык менен түз эле көчөгө иреттелип коюлуп жатты. Мындай көрүнүшкө буга чейин Баткенде күбө болгом:tamchy_10-1024x682Бирок ошол маалда мени кароолчу чакырды — жетекчилердин кимдир бирөөнө менин чек ара көзөмөлүндө фотоаппарат көтөрүп алып жүргөнүм жакпай калыптыр да кичи пейилдүүлүк менен менин дубалдын жанындагы аянтка баруумду өтүнүштү.

Көп өтпөй учак келип конду:tamchy_12-1024x682Дубал тарапка четтөө өтүнүчүнө карабастан менин сүрөткө тартып алуума тыюу салышкан жок! Бул үчүн Ысык-Көл эл аралык аба майданынын кызматкерлерине өзүнчө урмат-сый жана мактоолор болсун:tamchy_13-1024x682Мен жаңы гана келип конгон учактын жүргүнчүлөрү өз жүктөрүн чогултуп жаткандыктарын каалашымча сүрөткө тарта алдым:tamchy_14-1024x682Кызыктуу деталь — Ысык-Көл эл аралык аба майданында өзүнүн үч тамгалуу коду жок, ошондуктан жүргүнчүлөрдүн жүктөрүнө Бишкек аба майданынын FRU деген кодун чапташат.tamchy_21-1024x682Тамчыдагы аба майдан менде аралаш сезимдерди калтырды. Бир четинен Борбордук Азиядагы мен болгон аба майдандардагы кызматкерлердин эң жайдары жана сылык кызматкерлерин жолуктурдум.

Экинчи жагынан объектинин айланасындагы инфраструктуранын ушунчалык деңгээлде өнүгө электиги таң калтырды. Курулуш техникаларын көргөнүм менен аба майдандын жетекчилиги имарат жакынкы жылдары кайрадан реконструкциялана тургандыгын убадалады.

Жүргүнчүлөрдү алгач оңбогондон бааны айткан (Чолпон-Атага чейинки жарым сааттык жол үчүн 2000 сом сыяктуу) такси айдоочулары күтүп турушат:tamchy_16-1024x682Таксисттер мында каттам келген күндөрү гана топтолуп калышат. Калган убактарда унаа токтотуучу жай деп аталган топурак аянт бош турат:tamchy_15-1024x682Тосуп алып жаткандар:tamchy_17-1024x682Келген туристтер кичинекей дөңгөлөктүү чемодандарын сүйрөй алышпайт — жол мүмкүндүк бербейт — ошондуктан буюмдарынын бардыгын көтөрүп алышат:tamchy_19-1024x682Андан соң чаң баскан жол аркылуу көлдү көздөй кетишет:tamchy_18-1024x682Ал ортодо учак кайрадан Алматыга учууга даяр болуп калат да жүргүнчүлөргө толот. Бул күндөрү «Скаттын» учактары толтура болот:tamchy_20-1024x682Жүргүнчүлөр учакка отурар замат Ысык-Көл эл аралык аба майданынын кызматкерлеринин көпчүлүгү (чек арачылар менен бажычылар да) акырындап үйлөрүнө кетүүгө камына башташат — баары бир кийинки каттам үч күндөн кийин келет, ошондуктан аба майданда болуунун эч кандай деле кажети жок.

Учак учуп-конуучу аянтты көздөй бурула баштайт.

Аба майдандын нөөмөтү аяктаган кызматкери иш күнүнүн аяктагандыгына ыракаттанып, дүйнөдөгү эң ыңгайлуу абалда отурат:tamchy_23