Азырынча Акаевдин Кыргызстанга келгендиги ырастала элек

Мурунку президент Аскар Акаевдин агасы кайтыш болгондугуна байланыштуу Кыргызстанга келгендиги азырынча ырастала элек. 5-август күнү эртең менен Кыргызстанга анын кичүү уулу Илим учуп келди.

Мурунку президент Аскар Акаевдин кичүү уулу Илим 5-август күнү эртең менен Москва-Бишкек каттамы менен учуп келди.

«Азаттык» радиосунун маалыматы боюнча, аны мурунку премьер-министр Кубанычбек Жумалиев башында турган бир топ киши тосуп алышкан.

Ал ортодо Акаевдин өзүнүн Кыргызстанга келгендиги азырынча ырастала элек.

2005-жылы бийликтен кеткен мурунку президенттин Кыргызстанга келиши мүмкүндүгү жөнүндөгү маалымат 4-августта тараган. Акаев 82 жашында кайтыш болгон агасы Болот Акаевге топурак салуу үчүн бүгүн, 5-августта Бишкекке келмек.

Буга чейин мурунку президенттин кызыкчылыктарын коргогон юрист Икрамидин Айткулов Kloop.kgге берген маегинде Акаевдин чынында эле Кыргызстанга келгиси келип жатканын жана анын келишине байланышкан маселелер «чечилип жаткандыгын» билдирген болчу.

Башкы прокурор Аида Салянова кечээ, 4-августта, эгер Акаев Кыргызстанга келе турган болсо ал туугандары, жакындары жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн катыштыгы бар кылмыш иштери боюнча сурак бере тургандыгын билдирген.

Азырынча Аскар Акаевдин келиши мүмкүндүгү боюнча учурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен күч түзүмдөрү эч кандай реакцияларын билдирише элек.

Бирок экс-президенттин келиши боюнча парламенттик «Ар-Намыс» жана «Ата Мекен» фракцияларынын лидерлери — Феликс Кулов менен Өмүрбек Текебаев макул тапкан пикирлерин билдиришти. Алардын пикирлеринде, өлкө бийлиги Акаевдин агасына топурак салуусуна уруксат берүүлөрү керек.

Туңгуч президент

Аскар Акаев 1991-жылдан 2005-жылга чейин эгемендүү Кыргызстандын президенти, ошондой эле 1990-жылдан 1991-жылга чейин Кыргыз ССРинин да президенти болгон.

Алгачкы башкаруу жылдарында ал мурунку СССРдин аймагындагы эң либералдуу лидер катары эсептелинип келген. 1991-жылдын январында ал Американын «Крисчиан Сайенс Монитор» гезитине берген маегинде эркин экономика менен жеке менчик идеясын жактай тургандыгын билдирген.

2000-жылдардын башталышына жакын Акаевди башкаруудагы авторитаризм үчүн сындап башташкан. Ал сындар өзгөчө 2002-жылы Аксыдагы нааразычылык акциясынын катышуучуларына каршы ок атылганда жана 2005-жылдагы парламенттик шайлоолордогу мыйзам бузуулардан кийин (анда бир канча убакыт Акаевдин уулу Айдар менен кызы Бермет депутат болушкан) күчөгөн.

Акаев бийликтен 2005-жылдын март айында Кыргызстанда башталган массалык акциялар менен толкундоолордон кийин кеткен. 24-мартта — качан нааразычылык акциялары Бишкекке жеткенде — Акаев Кыргызстандан чыгып кеткен, ошондон бери Москвада жашап келет.

2010-жылдын апрелиндеги революциядан кийин Акаев кол тийбестиги менен экс-президент статусунан ажыратылган — жаңы бийлик аны «эл менен мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келген иштери» үчүн айыптаган.