Башкы прокуратура «альфачыларды» актоо өкүмүн артка кайтарууну өтүнүүдө

Мамлекеттик айыптоо сот 2010-жылдагы революция боюнча иште «Альфанын» опер кызматкерлерин актабастан, күңөөлүү деп табышы керек болчу деп эсептейт.

Өлкөнүн башкы көзөмөлдөөчү органынын билдирүүсүндө үч опер кызматкер — Олег Ребенок, Сергей Цигельников жана Руслан Байтоков — 2010-жылдагы революция маалындагы адамдардын өлүмүнө күнөөлүү деп табылуулары керек деп жазылган.

Башкы прокуратура 25-июль күнү Аскер сотунун Бишкек гарнизону тарабынан акталган «альфачылардын» актоо өкүмдөрүн артка кайтаруу тууралуу көрсөтмө киргизди.

Мамлекеттик айыптоо Ребенок менен Байтоков «тынчтык митингинин катышуучуларына карата мээлеп ок атышкан» жана «көзкөрүнөө мыйзамсыз» буйруктардын аткарылышын көзөмөлдөшкөн деп билдирүүдө.

«[...] Байтоков менен Ребенок түздөн-түз жетектешкен, ошондой эле алар башка командирлердин арасынан сот жообуна тартылып жаткандардын акыркы звенодогу жетекчилери болуп, жогорку жактагы командирлердин буйруктарын кайталоо менен алардын аракеттерин толугу менен көзөмөлдөп турушкан», — деп жазылган Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Видео: 2010-жылдагы революция боюнча өкүмдөрдүн окулушу

Мамлекеттик айыптоо Цигельниковдун митингчилерге карата «Муха» деген реактивдүү гранатомет менен ок атууга күнөөлүү деп табылышын талап кылууда.

«Цигельников менен күч түзүмдөрүнүн түрдүү ок атуучу куралдарды колдонгон башка кызматкерлеринин кылмыштуу аракеттеринин жыйынтыгында митингдин катышуучуларынын арасында түрдүү жараттарынан улам 77 киши каза болуп, дагы 306 жаран түрдүү жаракаттарды алышкан», — деп билдирүүдө Башкы прокуратура.

Прокурорлордун бул талаптары акталган ыкчам кызматкерлердин күнөөлүү деп табылышын каалап жаткан жабырлануучу тараптын талаптары менен дал келет — бул тууралуу алар 2010-жылдагы революция боюнча өкүм чыгарылгандан кийин журналисттерге билдиришкен.

Мамлекеттик айыптоо опер кызматкерлердин күнөөлүү деп табылышын талап кылып жатса, «альфачылардын» жактоочулары менен аскер кызматкерлерине боору ооругандар алар жөн гана берилген буйрукту аткарышкан жана жазага тартылбашы керек деп билдирип келишет.

Аскер сотунун Бишкек гарнизону 25-июль күнү экс-президент Курманбек Бакиев менен бир нече мурунку чиновникти 2010-жылдагы бийлик алмашуу маалында каза болгон адамдардын өлүмүнө күнөөлүү деп тапкан.

Анда өмүр бою жана көп жылдык мөөнөттөрдү Бакиевдин бир тууганы Жаныш, экс-премьер-министр Данияр Үсөнов жана күч түзүмдөрүнүн бир нече башчылары алышкан.