Башкы прокуратура экс-мэр Өмүркуловдун акталышы боюнча доо арыз жолдоду

Өлкөнүн башкы көзөмөл органы Бишкектин Октябрь райондук соту борбордун экс-мэри Иса Өмүркуловду актоонун алдында иштин материалдарын «объективдүү түшүнгөн эмес», деп эсептөөдө.

Башкы прокуратура Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык көрсөтмө берди — ал Жеңиш сейил багынын аянтынан жеке тараптарга жер тилкелерин «мыйзамсыз» берген деп айыпталып жаткан Бишкектин мурунку мэри Иса Өмүркуловго карата чыгарылган актоо өкүмүн жокко чыгарууну көздөп жатат.

«Өмүркуловду 305-берене менен каралган кылмышка (кызмат абалын кыянат пайдалануу менен зыян келтирүү) күнөөлүү деп табылып, аталган беренеде көрсөтүлгөн санкциялардын чегинде жаза белгиленсин», — деп жазылган прокурорлордун билдирүүсүндө.

Видео: Өмүркуловдун акталышы

Көзөмөл органы өз чечимин сотто көрсөтмө берген күбөлөр сотту адаштырып, туура жооп берүүдөн качкандыктары, ошондой эле сот тарабынан прокуратуранын далилдеринин бардыгы эске алынбагандыгы менен түшүндүрүүдө.

«Сейил бактын курулуш долбоору иштелип чыккан деп көрсөтмө берген күбө Сарымсакова сотту түздөн-түз адаштырууда, анткени Мамкурулуштун катына ылайык, сейил бактын курулуш долбоору таптакыр иштелип чыккан эмес», — деп түшүндүрүүдө Башкы прокуратура.

Ошондой эле көзөмөлдөө органы соттун өкүмүндө өз аракеттерине өзүлөрү юридикалык баа берген мэриянын позициясына шилтеме жасалгандыгына нааразы.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн азырынча экс-мэрдин өзү жеткиликсиз болууда.

Өмүркуловдун соту

Өмүркуловго карата актоо өкүмү 1-августта Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан чыгарылган. Ага каршы кылмыш иши өткөн жылдын декабрынын башында козголгон — экс-мэр Жеңиш сейил багынын аянтын кыскарткан деп айыпталган.

Мамлекеттик айыптоонун маалыматы боюнча, Өмүркулов Бишкектин мэри болуп турган кезде сейил багынын аянты 16 гектарга кыскартылып, коммерциялык фирмаларга берилген.

Буга чейин прокуратура Өмүркуловго карата үч жылдык мөөнөткө муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу жана мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен катаал режимдеги абакка 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмүнүн чыгарылышын суранган.

Ошондой эле мурунку калаа башчысы менен бирге Бишкек муниципалитетинин дагы төрт чиновниги айыпталууда — прокуратуранын маалыматы боюнча, сейил багынын аянтын жеке колдонууга берүүгө алардын да тиешелери бар болгон.

Алар үчүн мамлекеттик айыптоочу азыраак — 5 жылдан 6 жылга чейинки мөөнөткө катаал режимдеги абакка эркинен ажыратуу жазасын сураган.

Соттук процесстин жүрүшүндө Өмүркулов күнөөсүн мойнуна алган эмес. Бирок прокуратура тарабынан айып тагылгандан эки күн өткөндөн кийин ал кызматынан өз каалоосу менен кетүү боюнча арызын жазган, бирок мэрликтен кетишинин ага каршы козголгон кылмыш ишине эч байланышы жок экенин билдирген.

Өмүркулов Бишкектин мэри болуп 2010-жылдагы революциядан кийин дароо дайындалган. Ал мэр болуп турганда шаар тургундарынын арасында ага карата түрдүү пикирлер айтылып турган.

Сынчылар аны акчалардын изин жашырууга жана Бишкекте инфраструктуралык жакшыртуулардын жоктугуна айыпташса, анын тарапташтары 2013-жылы борбордо болуп көрбөгөндөн көп сандагы жолдордун оңдолгонун белгилеп келишет.