Израиль желегин айрыган депутатты жазалоону талап кылды

Израилдин элчиси Кыргызстандын бийлигинен эл алдында алардын өлкөсүнүн желегин айрыгандыгы үчүн депутат Турсунбай Бакир уулуну жоопко тартууну талап кылды. Буга чейин эл өкүлү Израилдин желегин айрып, аны даарат кагазынын ордуна пайдаланууну сунуштаган болчу.

Израилдин Казакстандагы жана Кыргызстандагы элчиси Эли Тасман еврей мамлекетинин желегин айрып, аны даарат кагазынын ордуна пайдаланууга чакырган депутат Турсундай Бакир уулунун акциясынан улам Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине нааразычылык нотасын жолдоду — бул маалыматты Kloop.kgге аталган өлкөнүн элчилигинен ырасташты.

Дипломат өз катында Бакир уулу анын өлкөсүнүн желегин биринчи жолу мазактап жатпагандыгын белгилеп, кыргыз бийлигинен депутатка каршы чара көрүүсүн өтүнгөн.

Видео: Бакир уулу Израилдин желегин айрып жатат:

«Израиль мамлекеттинин Кыргыз Республикасындагы элчилиги Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен мырза Турсунбай Бакир уулун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышына көмөктөшүүсүн жана тез аранын ичинде жогоруда аталган адамга мамлекеттик символикаларды пайдалануунун эрежелерин түшүндүрүп берүүсүн чечкиндүү түрдө талап кылат», — деп жазылган билдирүүдө.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Турсунбай Бакир уулу жеткиликсиз болууда.

Парламентарий Турсунбай Бакир уулу Израилдин Газа тилкесиндеги аракеттерине каршылыгын билдирип ал өлкөнүн желегине 4-августта эл алдында айрыган. Анда ал өз тарапташтарын желектин бөлүктөрүн «даарат кагазынын ордуна пайдаланууга» чакырган.