Жактоочу: Акаев Бишкекке камакка алынуудан чочулап келген жок

Мурунку президент Аскар Акаевдин Кыргызстанга келүү ниети бар болчу, бирок Орусия бийлиги ал камакка алынышы мүмкүн деп Москвада эле калуу кеңешин беришкен — бул тууралуу жактоочу Икрамидин Айткулов билдирди.

Айткулов мурунку президент Аскар Акаев агасын акыркы сапарга узатууга бир күн калганда Бишкекке учуп келүү үчүн билет алгандыгын, бирок аны суракка алууну убадалаган башкы прокурор Аида Салянованын билдирүүсүнөн кийин учпай калгандыгын билдирди.

«Ага Орусия Федерациясынын жетекчилигинен телефон чалышып, [Акаевдин] коопсуздук кепилдигин ала албагандыктан Кыргызстанга барбай эле коюу кеңешин беришкен», — деп билдирди жактоочу.

Айткулов Кыргызстандын бийлигин «адамгерчилиги жок» деп айыптады — анын айтымында, Акаевдин агасы менен коштошуусуна дал бийликтегилер мүмкүнчүлүк беришкен жок

«Бул адамзаттык моралдын бардык чегинен ашып кетүүдө, кыргыздарда бул касиеттүү нерсени кордоо катары эсептелинет, бул адамгерчиликсиз жорук. Учурдагы бийлик ушунчалык аморалдуу, ал эмес тажияны да уяттуу ишке айлантууга аракет кылат», — деп нааразычылыгын билдирди ал.

Видео: Акаевдин агасынын тажиясы

Ал ортодо Акаевдин Кыргызстанга келүүсүн уюштургандар анын камакка алынышы мүмкүндүгү жана «үчүнчү революциянын» келип чыгышы коркунучунан улам мурунку президенттин өлкөгө келишин токтоткондуктарын билдирип жатышат.

Премьер-министрдин аппаратынын мурунку жетекчиси Бекболот Талгарбеков КирТАГ маалымат агенттигине берген маегинде Акаев кичүү уулу Илим менен бирге Бишкекке уча турган каттамга отуруу үчүн Москвадагы аба майданга келгендигин ырастады.

Бирок анын айтымында, Акаев Кыргызстандан телефон чалуу болгонон кийин агасынын тажиясына келбей эле коюу чечимине келген.

«Биз кырдаалды түшүндүрдүк. Эгер аны камашса анын тарапташтары митингге чыгуулары мүмкүндүгүн, анын өлкөгө келиши үчүнчү революциянын детонатору болуп калышы мүмкүндүгүн айттык. Анан ал биздин бул чечимибиз менен макул болду», — деп жазган КирТАГ Талгарбековдун айткандарын.

Сурак берет

Мурунку президент Аскар Акаев Кыргызстанга 82 жашында кайтыш болгон агасы Болот Акаевге топурак салуу үчүн келиши керек болчу. Бирок анын ордуна кичүү уулу Илим гана келди.

Башкы прокурор Аида Салянова кечээ, 4-августта, эгер Акаев Кыргызстанга келе турган болсо ал туугандары, жакындары жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн катыштыгы бар кылмыш иштери боюнча сурак бере тургандыгын билдирген.

Экс-президенттин келиши боюнча парламенттик «Ар-Намыс» жана «Ата Мекен» фракцияларынын лидерлери — Феликс Кулов менен Өмүрбек Текебаев макул тапкан пикирлерин билдиришкен. Алардын пикирлеринде, өлкө бийлиги Акаевдин агасына топурак салуусуна уруксат берүүлөрү керек.

Аскар Акаевдин келиши мүмкүндүгү боюнча учурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен күч түзүмдөрү эч кандай реакцияларын билдиришкен жок.

Туңгуч президент

Аскар Акаев 1991-жылдан 2005-жылга чейин эгемендүү Кыргызстандын президенти, ошондой эле 1990-жылдан 1991-жылга чейин Кыргыз ССРинин да президенти болгон.

Алгачкы башкаруу жылдарында ал мурунку СССРдин аймагындагы эң либералдуу лидер катары эсептелинип келген. 1991-жылдын январында ал Американын «Крисчиан Сайенс Монитор» гезитине берген маегинде эркин экономика менен жеке менчик идеясын жактай тургандыгын билдирген.

2000-жылдардын башталышына жакын Акаевди башкаруудагы авторитаризм үчүн сындап башташкан. Ал сындар өзгөчө 2002-жылы Аксыдагы нааразычылык акциясынын катышуучуларына каршы ок атылганда жана 2005-жылдагы парламенттик шайлоолордогу мыйзам бузуулардан кийин (анда бир канча убакыт Акаевдин уулу Айдар менен кызы Бермет депутат болушкан) күчөгөн.

Акаев бийликтен 2005-жылдын март айында Кыргызстанда башталган массалык акциялар менен толкундоолордон кийин кеткен. 24-мартта — качан нааразычылык акциялары Бишкекке жеткенде — Акаев Кыргызстандан чыгып кеткен, ошондон бери Москвада жашап келет.

2010-жылдын апрелиндеги революциядан кийин Акаев кол тийбестиги менен экс-президент статусунан ажыратылган — жаңы бийлик аны «эл менен мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келген иштери» үчүн айыптаган.