«Мазда» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу эшигине жармашып алган кишини бир нече метрге чейин сүйрөп барып, Бишкектин борборундагы көчөлөрдүн кесилишинен ири кырсыкка учураган. Кырсык 6-август күнү эртең менен болгон.
Бишкектик айдоочулардын биринин видеорегистратору «Мазда» үлгүсүндөгү унаа эшигине жармашып алган кишини сүйрөгөн бойдон Исанов көчөсү менен жогорку ылдамдыкта бара жатканын тартып алган.
Бир нече ондогон метрден кийин унаанын эшигине жармашып бара жаткан киши асфальтка кулап, оор жаракаттарды алган — бул тууралуу окуянын күбөсү болгон «Дизель» интернет-форумунун колдонуучусу жазган.
«Ал киши отуз метрден кийин түшүп калды. Видеодо бут кийими кайсыл жерге түшкөнү, өзүнүн каякта экендиги көрүнүп турат. Көңүлүңүздөрдү сол тарапка бурсаңыздар, бут кийими жатат, эки метрден кийин экинчиси, дагы 20 метрден кийиин кишинин өзү көрүнөт. Ал мага токто деп кол булгалап жатат. А мен болсо унаанын артынан кууп жөнөдүм», — деп жазган видеонун автору, «Дизель» форумунун Mbikbaev аттуу колдонуучусу.
«Мазданын» айдоочусу Исанов көчөсү менен жогорку ылдамдыкта кыймылын улантып, Чүй проспектисинин кесилишине келгенде дароо бир нече унаага барып сүзүлгөн.
«Ал «Маздадан» бир кыз чыгып качып жөнөдү. Аны кармашты. Мен кайрылып тигил кишинин артынан кеттим. Айланып келгенимче аны кимдир бирөө кармап келиптир. Башы кан, таманын тыттырып алган окшойт, канап тура албай калыптыр», — деп жазган күбө.
Азырынча айдоочунун мындай кадамга эмне себептен баргандыгы белгисиз.