Кыргызстан Орусиянын батыш өлкөлөрүнө киргизген санкцияларынын эсебинен экспортту көбөйтүүнү көздөөдө

7-августта Орусиянын Европа өлкөлөрүнөн азык-түлүк алып келүүгө тыюу салышы кыргыз экономикасынын өнүгүүсүнө жакшы түрткү болушу мүмкүн, деп эсептейт Кыргызстандын Экономика министрлигинин өкүлү.

Орусия тараптан батыш өлкөлөрүнө каршы санкциялар киргизилгенден кийин Кыргызстан орусиялык рынок үчүн күрөшүү ниетинде — деп билдирди 7-августта экономика министринин орун басары Данил Ибраев.

«Эгер пайда көрүү жагын айтсак, биз үчүн бул — айыл-чарба продукциялары боюнча импортту алмаштыруулар. Эт жана сүт боюнча айтсам, аларды экспорттообузга уруксат берүү өнүчү менен Евразиялык экономикалык комиссияга кайрылуу жөнөтүлгөн», — деп жазган КирТАГ агенттиги Ибраевдин айткандарын.

Бирок экономика министринин орун басары белгилегендей, Кыргызстан өз продукциясын Орусияга ийгиликтүү экспорттоосу үчүн белгилүү бир көлөмдөгү туруктуу өндүрүшүн жөнгө салып алуусу керек.

Экономист Искендер Шаршеев Kloop.kgге берген маегинде Орусиянын Батышка каршы киргизген санкцияларынан Кыргызстан утушу мүмкүндүгүн билдирди. Бирок анын айтымында, ал үчүн экспорттоло турган товарлар Бажы биримдигинин техникалык регламенттерине туура келиши керек.

«Орусияда азык-түлүк кризиси башталышы мүмкүн, мындан улам белгилүү бир коррупциялык схемалар менен биздин сапатсыз азык-түлүктөрүбүз да ал жакка жеткирилип, сатылышы мүмкүн», — деди ал.

Бирок экономисттин айтымында, ишкерлер Бажы биримдигинин талаптарына туура келе тургандыгы жөнүндөгү сертификаттарды алганга чейин товарларын Орусияга аткезчилик жол менен алып барышат.

«Азырынча биздин продукция Бажы биримдигинин техникалык регламенттерине туура келбейт, ошондуктан азыр Орусияга ташылып жаткандардын бардыгы тең аткезчилик, коррупциялык жолдор менен мыйзамсыз киргизилүүдө», — дейт Шаршеев.

«Анткен менен аткезчилик — бул биздин рынокту будамайлап, жарандардын нормалдуу жашашына мүмкүнчүлүк берип жаткан нерселердин бири. Эгер көмүскөдөгү экономика расмий экономикадан жогору болсо ал бир гана нерсени — мамлекеттеги жарандардын, жеке адамдардын жалпы массасынын өсүп-өнүгүп жаткандыгын билдирет», — деди ал.

Күн мурун Орусиянын президенти Владимир Путин Орусия Федерациясына каршы санкция киргизген өлкөлөрдөн белгилүү бир товарлардын алынып келинишине тыюу салды. Ал тыюуларга АКШ, Европа биримдигинин курамындагы мамлекеттер, Австралия, Норвегия жана Канададан алынып келинген азык-түлүктөр кирди:

  • Уйдун жаңы же муздатылган эти;
  • Уйдун тоңдурулган эти;
  • Чочконун жаңы, муздатылган же тоңдурулган эти;
  • Үй канаттууларынын эти менен азыктары, жаңы, муздатылган же тоңдурулган;
  • Туздалган, кургатылган же ышталган эт;
  • Балык, суу чаяны сымал моллюскалар жана башка суудагы омурткасыз жандыктар;
  • Сүт жана сүт азыктары;
  • Тамыры жемиш жана жемиш тамырдуу желе турган жашылчалар;
  • Жемиштер жана жаңгактар;
  • Колбасалар жана эттен, эт субпродуктуларынан жана кандан жасалган ага окшош азыктар; алардын негизинде жасалган даяр азык-түлүктөр;
  • Быштак жана сыр сыяктуу өсүмдүк майларынын негизинде даярдалган даяр азыктар;
  • Азык-түлүктөр (өсүмдүк майынын негизиндеги курамында сүт бар азыктар).

Азык-түлүктөрдү алып келүүгө салынган тыюулар — бул Кремлди Украинанын чыгышындагы кагылышууларды күчөтүүдө деп айыптаган батыш өлкөлөрүнүн киргизген санкцияларына Орусия тараптын реакциясы.