Милиция: Айдоочу эшигине жармашкан кишини өз ара чырлашуудан кийин сүйрөп кеткен

Эшигине жармашкан кишини сүйрөп кеткен «Мазданын» айдоочусу аны менен жакын мамиледе болгон, деп билдирди Бишкек милициясы.

Окуя жигит менен кыздын ортосундагы чырдан кийин орун алган — сүйлөшүүнү улантуудан баш тарткан кыз унаага отуруп айдап кетип калган.

«Жаш жигит ал кызды токтотууга аракет кылса керек, жыйынтыгында биз видеодо көрүнүп тургандай көрүнүшкө ээ болуп отурабыз. Андан ары кыз Исанов көчөсү менен Чүй проспектисин көздөй кетип, рулду башкара албай башка унааларга барып сүзүлгөн», — деди Бишкек ШИИБсинин басма сөз кызматынын өкүлү.

Ал кыз-жигит ортолорундагы чырды жөнгө салып, зыянга учуруган унаалардын айдоочуларына келтирилген чыгымдарын төлөп бергендиктерин кошумчалады.

«Баары аман-эсен. [..] Эгер видеону карасаңар ал Исанов көчөсү менен Жибек-Жолунан Фрунзеге чейин, 50, балким 100 метр жармашып барган, андан ары баары бир кармана албай калмак», — деп билдиришти милициядан.

Ал бала менен кыздын аты-жөндөрү айтылбай эле.

Бишкектик айдоочулардын биринин видеорегистратору «Мазда» үлгүсүндөгү унаа эшигине жармашып алган кишини сүйрөгөн бойдон Исанов көчөсү менен жогорку ылдамдыкта бара жатканын тартып алган.

Бир нече ондогон метрден кийин унаанын эшигине жармашып бара жаткан киши асфальтка кулап, оор жаракаттарды алган — бул тууралуу окуянын күбөсү болгон «Дизель» интернет-форумунун колдонуучусу жазган.

«Ал киши отуз метрден кийин түшүп калды. Видеодо бут кийими кайсыл жерге түшкөнү, өзүнүн каякта экендиги көрүнүп турат. Көңүлүңүздөрдү сол тарапка бурсаңыздар, бут кийими жатат, эки метрден кийин экинчиси, дагы 20 метрден кийиин кишинин өзү көрүнөт. Ал мага токто деп кол булгалап жатат. А мен болсо унаанын артынан кууп жөнөдүм», — деп жазган видеонун автору, «Дизель» форумунун Mbikbaev аттуу колдонуучусу.

«Мазданын» айдоочусу Исанов көчөсү менен жогорку ылдамдыкта кыймылын улантып, Чүй проспектисинин кесилишине келгенде дароо бир нече унаага барып сүзүлгөн.