Кыргызстан Африкада эбола вирусу күч алгандыктан чек арадагы көзөмөлдү күчөттү

Адам өмүрүнө коркунучтуу Эбола вирусунун Африкада тутанышы Кыргызстандын бийлигинин да көңүлүн бурбай койгон жок — өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги вирустун күч алгандыгынан улам чек аралардагы санитардык көзөмөлдү күчөткөндүгүн билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Эбола вирусунун Кыргызстандын аймагында таралышына жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүп жатат, деп билдирди «Кабар» маалымат агенттиги Оорулардын алдын алуу жана санэпидемкөзөмөл департаментинин башчысы Абдыкадыр Жороевге шилтеме кылып.

Анын айтымында, Кыргызстандын бийлиги чек аралар менен өткөрүү пункттарында санитардык-карантиндик көзөмөлдү күчөттү — көзөмөлдөө пункттары жабдылган атайын аппарат температурасы жогору адамдарды жакын аралыкта аныктай алат.

«Кудай сактасын, бирок эгер андай адам пайда болсо Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин системасы оорулууну өз учурунда аныктап, ага диагноз коюп, обочолонтуп, тиешелүү жардам көрсөтүүгө даяр», — деди Жороев.

Азырынча Эбола вирусуна каршы дүйнөдө универсалдуу вакцина жок — дарыгердин айтымында, эгер вирус Кыргызстандын аймагына тарай турган болсо оорулууларды симптомдуу түрдө гана дарылашат  — тактап айтканда, оорунун белгилүү бир белгилери гана зыянсыздандырылат.

«Өлүмгө алып келчү жугуштуу оору негизинен жапайы жаныбарлар аркылуу жугат, андыктан Кыргызстандын аймагынан сыртка чыкпагандар үчүн кооптонууга негиз бар деген фактылар жок. Мындан улам жарандарга Африканын мандемдүү өлкөлөрүнө барууддан кармануу сунушталат», — деп кеңеш берди Жороев.

Батыш Африкада Эбола вирусунун бул жолку тутанышы — акыркы 40 жыл аралыгындагы эң масштабдуусу. 2014-жылдын февралынын ортосунан бери Гвинея, Сьерра-Лион жана Либерия өлкөлөрүндө бул илдеттен миңден ашуун киши каза болду. Бүгүнкү күнгө карата аны жуктургандардын саны 1700 киши.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо министрлиги 8-август күнү Эболанын вирусун эл аралык коркунуч жарата турган илдет деп тапты. Эбола — сейрек кездешүүчү өтө коркунучтуу вирус илдети, ага чалдыккан адамдардын 90 пайызга жакыны каза болот.

Эболадан дарылоо же ага каршы вакцина жакында пайда болот деген ушактар айтылып жатканы менен бүгүнкү күнгө карата андай каражаттар жок.