Орусияда мигранттар кандай тест тапшырышат

1-сентябрдан тарта Орусияга кирип жаткан мигранттар ал өлкөнүн тарыхы боюнча тест тапшырууга милдеттүү болушат. Kloop.kgнин редакциясы тесттердин 20 суроодон турган варианттарынын бирин жарыялайт.

Жалпысынан мигранттар үчүн 100 суроо ойлоп табышкан. Орусиянын «Известия» басылмасы тесттин үлгүсүн жарыялады — анда мигранттарга ар бир 20 суроого үчтөн вариант сунушталган.

Бул тестти 1-сентябрдан тарта өз каалоолору менен тапшырышса болот. Бирок 2015-жылдан баштап аны тапшыргандыгы жөнүндөгү сертификат иштөөгө уруксат алуу үчүн милдеттүү түрдө керек болот, деп жазган «Известия».

123456 (1)78

Урматтуу окурмандар, канча суроого жооп бере алдыңыздар? Өз жыйынтыктарыңыздар менен бөлүшүңүздөр.