Кыргызстандын Айыл-чарба министрлиги Орусиянын ири шаарларына — Новосибирск менен Екатеринбургга жыл сайын 200 миң тоннадан жашылча жеткирип туруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул батыш азык-түлүктөрүнүн Орусияга алынып келинишине салынган тыюулардын фонунда орун алууда.
Кыргызстандын бийлиги 7-август күнү бир канча Батыш өлкөлөрүнө киргизген орус санкцияларынын эсебинен Орусияга азык-түлүктөрдү экспорттоонун көлөмүн жогорулатууну көздөөдө.
«Мен Екатеринбургдун айыл-чарба министрлиги менен сүйлөштүм, алар бизге ал аймакты айыл-чарба продукциялары менен камсыз кылып турган 18 соода фирмасын беришти. Алар менен иштеп баштадык», — деди Kloop.kgге берген маегинде айыл-чарба министрлигинин азык-түлүк запастары жана маркетинг башкармалыгынын башчысы Жумабек Акылбеков.
Анын айтымында, Кыргызстан учурда өз айыл-чарба продукцияларын сатууда кыйынчылыктарга дуушар болууда.
«Бизде жыл сайын кыйынчылыктар болот. Сатуу рыногу менен кайрадан иштетүүнүн жоктугунан бизде дээрлик 30 пайызы жок болот. А эми азыр ал 30 пайызды Орусияга жөнөтөбүз», — деди ал.
Акылбековдун айтымында, Кыргызстан Орусияны пияз, капуста, сабиз, картөшкө, өрүк, алма жана кургатылган жемиштер менен камсыз кыла алат.
«Андан сырткары азыр биз Орусияга бир дагы килограмм эт азыктарын экспорттобойбуз, анткени 2008-жылдан бери мал чарба продукцияларына тыюу салынган. [...] Ошондуктан бизде азыр эт азыктарын кайрадан экспорттого чоң мүмкүнчүлүгүбүз бар», — деди ал.
Министрликтин өкүлү Кыргызстан продукцияларынын «экологиялык жактан таза экендиги» жана химикаттарды аз колдонгондугунун эсебинен аймактагы коңшулары менен атаандаша алат.
Акылбеков Кыргызстандын жарандары Орусияга экспорттодон улам баалар жогорулайт деп кабатыр болбой эле коюшса болоорун кошумчалады — айтымында, баалар бир гана себептен — күйүүчү майдын кымбатташынан улам гана жогорулашы мүмкүн.
Түшүм аз жыл
Экономика илимдеринин доктору Рустам Асизбаев Орусиянын батышка каршы киргизген санкцияларынан кийин ал өлкөдө Кыргызстандын жер-жемиштерине болгон суроо-талап күчөйт, бирок ал үчүн кыргыз бийлиги айыл-чарба продукцияларын өндүрүүнү жогорулатышы керек деп эсептейт.
«Эгер Орусия, Казахстан, Беларуссия же башка өлкөлөр продукцияларыбызды экспорттообуз үчүн рынокторун ачышса — бизде айыл-чарба өндүрүшү күчтүү — биз 1-2 жылдын ичинде экспорт үчүн өндүрүлүп жаткан продукциянын көлөмүн оңой эле көбөйтө алабыз», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.
Видео: Кургакчылыктан улам Чүй облусу зыянга учуроодо
Экономист эгер Кыргызстан жашылча-жемиштерин Орусияга быйыл экспорттоп баштаса, анда кургакчылык менен түшүмдүн аздыгынан улам өлкөнүн ички рыногундагы баалардын жогорулоосунан качып кутулууга мүмкүн эмес деп эсептейт.
«Алма аз, жашылчалар, жемиштер аз. Анткени быйыл түшүм аз, кургакчылык да катуу болду. Азыр, мисалы, продукцияны чет өлкөлөргө экспорттосо болот, бирок албетте баалар да автоматтык түрдө жогорулайт. Бул жерде убактылуу чаралар зарыл», — дейт Асизбаев.
Анын пикиринде, учурда Кыргызстандын бийлиги азык-түлүктөрүн быйыл эмес, эмдиги жылы экспорттоого даярданышы керек.
«Эгер эмдиги жылкыга рыноктун ачык экенин жана Орусия экологиялык жактан таза 100 миң тонна жашылча-жемиштерди кабыл ала алат деп жарыя кылса адамдар иштеп башташат. Ал үчүн айдоо аянттарын кеңейтүү керек», — деп эсептейт эксперт.
«Стандарттарга туура келбейт»
КМШ өлкөлөрүнүн институтунун Экономика бөлүмүнүн жетекчиси Аза Мигранян «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасына берген маегинде кыргыз азык-түлүгү орусиялык сапат стандарттарына туура келбей тургандыгын, ошондуктан Белоруссия, Казакстан менен атаандаша албастыгын билдирген.
«[...] Орусияда айыл-чарба продукциялары менен азык-түлүктөр боюнча Бажы биримдигинин техрегламенттеринин талаптарынын стандарттары кыйла эле жогору. Ал стандарттар бүткүл европалык континентте эң катаал болуп эсептелет», — деп жазган «Вечерний Бишкек» Миграняндын айткандарын.Анын айтымында, Кыргызстан азык-түлүктөрдү өлкөнүн сыртында эмес, ичинде текшерип, стандартташтырып жана тастыкташтыра турган материалдык-техникалык база түзүшү керек.
«Азыр Кыргызстандан алынып барылган азык-түлүктөрдү Орусияда текшерип жатышат. Бул экспорттоочу менен өндүрүүчү үчүн стандартташтыруу боюнча кыйла эле олуттуу материалдык чыгым жана албетте чоң тобокелчилик. Анткени эгер азык-түлүк туура келбей калса аны кайрадан чыгарып кетүү жана калдыктарын керекке жаратуу кымбатка турат», — деди экономист.
Өткөн аптада Орусиянын президенти Владимир Путин Орусия Федерациясына каршы санкция киргизген өлкөлөрдөн белгилүү бир товарлардын алынып келинишине тыюу салды. Ал тыюуларга АКШ, Европа биримдигинин курамындагы мамлекеттер, Австралия, Норвегия жана Канададан алынып келинген азык-түлүктөр киргизилген:
- Уйдун жаңы же муздатылган эти;
- Уйдун тоңдурулган эти;
- Чочконун жаңы, муздатылган же тоңдурулган эти;
- Үй канаттууларынын эти менен азыктары, жаңы, муздатылган же тоңдурулган;
- Туздалган, кургатылган же ышталган эт;
- Балык, суу чаяны сымал моллюскалар жана башка суудагы омурткасыз жандыктар;
- Сүт жана сүт азыктары;
- Тамыры жемиш жана жемиш тамырдуу желе турган жашылчалар;
- Жемиштер жана жаңгактар;
- Колбасалар жана эттен, эт субпродуктуларынан жана кандан жасалган ага окшош азыктар; алардын негизинде жасалган даяр азык-түлүктөр;
- Быштак жана сыр сыяктуу өсүмдүк майларынын негизинде даярдалган даяр азыктар;
- Азык-түлүктөр (өсүмдүк майынын негизиндеги курамында сүт бар азыктар).
Азык-түлүктөрдү алып келүүгө салынган тыюулар — бул Кремлди Украинанын чыгышындагы кагылышууларды күчөтүүдө деп айыптаган батыш өлкөлөрүнүн киргизген санкцияларына Орусиянын жообу.