Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан бир кыргызстандык каза болду

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан бир кыргызстандык каза болду, деп билдирүүдө кыргыз чек арачылары. Болжолдуу маалыматтар боюнча, ал эки таанышы менен Тажикстандын чек ара аймагында аңчылык кылып жүргөн.

Окуя 9-август күнү кыргыз-тажик чек арасында болгон – Тажикстандын чек арачылары менен тажик чек ара аймагында аңчылык кылып жүрүшкөн үч Кыргызстандын жаранынын ортосунда атышуу болуп, жыйынтыгында алардын бири каза болгон.

Берки эки кыргызстандык Тажикстандын бийлиги тарабынан кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камалышкан. Алардын жанынан мергенчи мылтыгы менен дүрбү табылган.

Каза болгон жарандын сөөгү андан аркы экспертизаларды жүргүзүү үчүн 10-август күнү Оштун укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген. Учурда кыргыз бийлиги кармалган мекендештерин кайтарып алуу боюнча чараларды көрүүдө.

«Окуянын чыгуу себептери менен  жагдайын иликтөө максатында 11-августта Кыргызстандын Ош аймагы боюнча чек ара өкүлчүлүгү менен Тажикстандын Жерге-Тал аймактык чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусу болот», — деп билдирүүдө Кыргызстандын чек арачылары.

Азырынча жаңжал боюнча Тажикстандын бийлиги тарабынан расмий реакция жасала элек.

Бул Тажикстан менен болгон чек арадагы алгачкы чек ара жаңжалы эмес — алардын эң олуттуусу үстүбүздөгү жылдын июлунун ортосунда болгон.

Анда чек арачылар менен жарандык адамдардын ортосундагы ок атышуунун жыйынтыгында бир тажикстандык адам каза болуп, дагы 8и жаракат алышкан. Эки тарап тең өз чек арачылары тараптан ок атуулар болгондугун четке кагышып, кагылышуунун кандай башталгандыгы боюнча өз версияларын айтып чыгышкан.

Учурда эки өлкөнүн бийлиги тең чек арадагы кагылышууларды болушунча жөнгө салып,  алдын алууга аракет кылып жатышат – бул атышуу тажик анклавын айланып өтүүчү кыргыз жолунун курулушу фонунда орун алууда.