Орусия Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине 500 млн. доллар бөлөт

Орусия Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине 500 млн. доллар бөлөт — бул тууралуу Орусия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Бажы биримдигине 2014-жылдын аягына чейин кире тургандыгын айткан.

Каражаттын бөлүнүшү Кыргызстандын биримдикке киришинен кийинки терс экономикалык кесепеттердин алдын алуу ниети менен түшүндүрүлүүдө.

«Кыргыз экономикасын тез өнүктүрүүгө жана аны интеграциялык процесстер менен айкалыштырууга мүмкүнчүлүк бере турган инструменттерди түзүүгө багытталган жалпысынан 500 млн. долларга чукул суммадагы келишимдер макулдашылды жана бекемделди», — деп жазган ИТАР-ТАСС агенттиги Лавровдун айткандарын.

Президент Алмазбек Атамбаев 11-август күнү орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен болгон жолугушуусунда Кыргызстан Бажы биримдигине 2014-жылдын аягына чейин кире тургандыгын айткан.

Орусия лидери менен болгон сүйлөшүүсүндө Атамбаев Орусияны кезектеги жолу «стратегиялык өнөктөш» деп атап, эгер эки тарап тең «өз каалоолорун билдирип», «реалдуу колдоо көрсөтүлсө» Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө даяр экенин билдирген.

«Бул жолубузда, албетте, биз бир топ кыйынчылыктарга туш келебиз. Бирок, эгерде биз конкреттүүлүк менен чечкиндүү киришсек, көпчүлүк маселелерди тез эле чече алабыз. Эсиңизде бар чыгаар, мен буга чейин Бажы биримдигинин, Евразия экономикалык союзунун курамына ушул жылдын акырына чейин кирсек деп айткан элем. Эгерде эки тарап тең өз каалоосун билдирсе, реалдуу колдоо көрсөтүлсө, азыр Кыргызстан ушул багытта жигердүү иштеп жатат. Менин оюмча, Кудай буюрса баары жакшы болот», — деди Атамбаев.

Өз кезегинде Владимир Путин Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү ниетин кубаттады.

«Алмазбек Шаршенович, биз постсоветтик мейкиндиктеги интеграциялык процесстерге байланышкан маселелерди, алардын ичинде албетте, биринчи кезекте Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдик менен Бажы биримдигине кирүүсүнө байланышкан маселелерди сөзсүз талкуулайбыз. Сиз менен бул теманы кенен талкуулаганбыз – албетте, ага бүгүн да кайрылабыз», — деп билдирди Путин жолугушуунун жүрүшүндө.

Видео: Атамбаев менен Путиндин Сочидеги жолугушуусу

Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча сүйлөшүүлөр 2011-жылы башталган, бирок ал идея өлкөдө ар түрдүү пикирлерди жаратып келет.

Бажы биримдигине кирүү идеясын колдогондор Кыргызстандын ишкерлери үчүн Казакстан, Орусия сыяктуу ири сатуу рыноктору ачылат деп эсептеп жатышса, каршы болуп жаткандар Кытайдан алынып келинген товарларды КМШ өлкөлөрүнө кайра экспорттоо менен Кыргызстандын экономикасына кыйла эле салым кошуп келген ишкерлердин банкрот болушу ыктымалдыгынан чочулап жатышат.

Кыргызстандын бийлиги Бажы биримдигине кирүү идеясын сынга алгандарга карата катуу реакция жасап келет — биримдикке кошулуунун каршылаштары тарабынан өткөрүлгөн акыркы митингдер акция катышуучуларынын кармалуулары менен аяктаган.

«Энергетикадагы пландар»

Эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн бир бөлүгү Орусиянын Кыргызстан энергетикасындагы «олуттуу инвестициялык пландарына» арналды.

«Бизде олуттуу инвестициялык пландарыбыз бар, өзгөчө энергетика тармагында. Андан сырткары белгилүү бир тармактар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү багытында да пландар бар. Биз буга чейин эле ал багыттар боюнча иштер кандай жүрүп жатканын көрөбүз деп макулдашканбыз», — деди Путин.

Орусия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусунан кийин журналисттерге маек Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын каскадындагы гидроэлектрстанциялардын (ГЭСтер) курулуш долбоорлору тууралуу болгондугун билдирди.

«Бул эки ири долбоордун практика жүзүндө ишке ашышы үчүн эки тараптан тең маселелердин чечилишин тездетүү максатында кошумча тапшырмалар макулдашылды», — деп жазган ИТАР-ТАСС Лавровдун айткандарын.

Орусия менен Кыргызстан 2012-жылдын сентябрында Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтер менен Камбар-Ата-1ди куруу жана ишке киргизүү тууралуу өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюшкан.

Ал макулдашууга ылайык, тараптар тең укуктуу негизде биргелешкен эки ишкана түзүшөт. Орусия тараптан долбоорлор менен «РусГидро» жана «Интер РАО ЕЭС России» компаниялары алектенишет.