Жалал-Абад облусунун башчысы түштүктү калыбына келтирүү боюнча иштин алкагында кызматынан алынды

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков 2010-жылдагы улуттар аралык кагылыштан кийин Кыргызстандын түштүгүн калыбына келтирүү үчүн бөлүнгөн каражатты максатсыз пайдалануу жөнүндөгү иштин алкагында убактылуу кызматынан алынды.

Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык кагылыштан кийин түзүлгөн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекцияны башкарган Жусупжан Жээнбеков тергөө аяктаганга чейин облус башчылыгынан убактылуу алынды.

Аны менен бирге түштүктү калыбына келтирүү үчүн бөлүнгөн каражатты максатсыз пайдаланган деп мамдирекциянын бир нече мурунку чиновниктери да шектелип жатышат. Жээнбековдун кызматтан четтетилиши тергөөнү жүргүзүүдө «объективдүү шарттардын» болушу керектиги менен түшүндүрүлүүдө.

Азыр облус башчысынын милдетин аткаруучу болуп өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жумагүл Эгембердиева дайындалды.

Жээнбековдун өзү Kloop.kgге берген маегинде аны тергөөнүн алкагында тыгызыраак кызматташышы үчүн кызматтан четтеткендиктерин айтты.

«Эгер менин дарегиме кандайдыр бир суроолор болуп калса жардамдашып, суроолорго жеринде жооп берип көмөктөшүүм үчүн азыр мени ээлеген кызматыман убактылуу четтетишти», — деди ал.

Ал ага карата эч кандай айып тагылбагандыгын кошумчалады.

«Эч кимге эч кандай айып тагылган жок. Белгилүү бир депутаттардын нааразычылыктары гана бар. Баланча миллион сомду өздөрүнө алып алышкан деп айтып жаткан мырза [Өмүрбек] Текебаева. Бул үчүн ал Кудай алдында жооп берет», — деди Жээнбеков.

Ал аталган дирекцияны ага чейин башкарган экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге карата тергөө иштери жүрүп жаткандыгы боюнча берилген суроого түз жооп берген жок — Жээнбековдун айтымында, өкмөт «коменданттар, пол жуугучтар жана кароолчуларды» баш кылып бардыгын текшерип жатат.

«Негизгиси бардыгы жөндүү болсун. Мүмкүн каталар бардыр. Эң башкысы — каражатты өзүнө алып алуу, уурдоо, максатсыз пайдалануу болгон эмес», — деди ал.

«Жоопкерчиликке тартуу»

Кыргызстандын түштүгүн калыбына келтирүү жөнүндөгү иш боюнча тергөө иштери өкмөттөн мамдирекциянын чиновниктерин жоопкерчиликке тартууну талап кылган парламенттеги көпчүлүк коалициясынын билдирүүсүнөн кийин башталган.

Кайрылуу премьер-министрдин атына 22-июлда жолдонгон — анда депутаттар мамдирекциянын 12 мурунку жумушчусун учурдагы кызматтарынан алууну талап кылышкан.

Коалициянын пикиринде, мамдирекциянын мурунку чиновниктеринин өкмөттөгү азыркы кызматтарында турушу «Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» мыйзамдын «одоно» бузулушу болуп эсептелет.

Тема боюнчаОторбаев түштүктү калыбына келтирүү боюнча мамдирекциянын чиновниктерин кызматтан алуудаIMG_6560Көпчүлүктүн курамына кирген парламенттик «Ар-Намыс» фракциясынын лидери Феликс Кулов Kloop.kgге берген маегинде коалиция депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктарын иликтеп чыккандан кийин кайрылуу жолдогондугун билдирген.

«Ата Мекен» фракциясы себептер жетиштүү деген чечимге келди. Анан комиссиянын далилдерине таянуу менен көрсөтүлгөн адамдардын өз кызматтарында калууларынын максаттуулугу тууралуу маселени карап чыгууну жетиштүү деп таптык», — деген Кулов.

Анын пикиринде, премьер-министр Жоомарт Оторбаев «бир тараптуу» болбошу үчүн коалиция кызматтан алууну сунуштаган чиновниктердин да пикирлерин угушу керек.

«Өкмөт катта көрсөтүлгөн адамдардын пикирлерин да угуп чыгышы керек. Мүмкүн биз азырынча бир тараптуу берилген маалыматка гана ээдирбиз. Бул жумушчу учур, абалды жакшылап карап чыгуу керек, мында коркунучтуу деле эч нерсе жок», — деп билдирген ал.

Мамдирекция менен Сатыбалдиевдин сындалышы

2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуудан кийин түзүлгөн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекцияны кийинчерээк премьер-министр болгон Жантөрө Сатыбалдиев башкарган.

Сатыбалдиев өкмөт башчысы кызматында эки жылдан ашык иштеген жок — ал «Ата-Мекен» фракциясынын демилгеси менен ишке ашкан буга чейинки коалициянын тарап кетишинен улам кызматтан кеткен.

Депутаттар премьерди Кыргызстандын түштүгүн калыбына келтирүү боюнча мамдирекцияны башкарып турганда көптөгөн мыйзам бузууларга барган деп айыпташкан. Бул айыптоолорду текшерип чыгуу үчүн түзүлгөн парламенттик комиссия мамдирекциянын чиновниктери тарабынан 570 млн. сомдун максатсыз пайдаланылгандыгы тууралуу билдирген.

Тема боюнчаДепутаттар мамдирекцияны 570 млн. долларды максатсыз пайдаланган деп айыпташты81FF2678-A576-4556-9269-1D4711E78A80Комиссиянын пикиринде, каражаттын сарпталышы көзөмөлдөнбөгөндүктөн улам мамдирекция тарабынан жалданган компаниялар курулган үйлөрдүн сапатынан үнөмдөшүп, 570 млн. сом киреше алышкан.

«Биринчиден, ал шаарларды калыбына келтирүү үчүн бөлүнгөн каражаттын максатсыз пайдаланышы — акчалардын сарпталышы көзөмөлгө алынган эмес. Экинчиден, курулуштун сапаты — эч кандай долбоорсуз, макулдашуусуз, чыгымдардын сметасы жок курулган», — деген Kloop.kgге берген буга чейинки маегинде комиссия төрагасы, «Ата-Журт» фракциясынан депутат Нарынбек Молдобаев.

Сатыбалдиевдин өзү кагылышуудан кийинки мезгилдерде каражаттардын сарпталышын көзөмөлдөө оор болгондугун айтып, дарегине айтылып жаткан айыптоолор менен макул эмес экендигин бир нече жолу билдирген.

«Келгиле кайрадан карап чыгабыз, кемчиликтер болгон, биз аны танбай элебиз. Бирок биз андай кырдаалда баарын тезирээк бүтүрүүгө шашканбыз. Ал эмес шаарларды кайрадан куруп чыгуу идеялары да айтылган. Азыр премьер-министр баарын көзөмөлдөйт деп айтыш туура эмес болуп калат. Келгиле, баарын укук коргоо органдары менен биргеликте текшерип чыгалы», — деп билдирген ал парламент жыйындарынын биринде.