«Азаттык»: Ат майданга коюлган ысымдын айынан чуу чыкты

Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандын кылмыш дүйнөсүнүн лөгү атыккан Камчы Көлбаевдин атасынын ысымын алып жүргөнү коомчулукта талкуу жаратты.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтына чыккан. Автору: Элеонора Бейшенбек кызы.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы 12-августта бул жагдайды териштирүү үчүн чукул жыйынга чогулду. Ага өкмөт өкүлдөрү, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы катышты.

Асанбек Көлбаевдин ысымы ат майданга мыйзамсыз берилгени анык болду. Бирок Ысык-Көл облусунун губернатору ат ыйгаруу жол-жобосу бузулбаганын айтууда.

Чолпон-Атадагы ат майданга Асанбек Көлбаевдин аты 2012-жылы август айында берилген. Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жергиликтүү бийлик Асанбек Көлбаевдин ысымын ат майданга ыйгаруу чечимин өтө тездик менен  кабыл алганын сынга алды:

- 2012-жылы 10-августта, туристтик маал кычап турган убакта Чолпон-Ата шаардык кеңеши Асанбек Көлбаевдин ысымын ыйгаруу боюнча кезексиз сессияга чогулган. 16-августта туризмдин борбору болгон Бостериде айылдык кеңеш да чукул чогулуп, чечим чыгарган. Ошол эле күнү ушул чечимди Азиз Батукаевге сот чыгаргандай эле тездик менен райондук комиссия карап, жактырган. Президенттин тапшырмасы да мындай ылдам аткарылбайт.

Бул ат майданда сентябрь айында “Көчмөндөр оюну” деп аталган эл аралык спорттук мелдештер өтмөкчү. Өмүрбек Текебаев ошол оюндар башталганга чейин ат майдандын атын тезинен алмаштыруу керек деп эсептейт:

- Бүгүнкү кырдаалда атасын сыйлап анын атын койсоң, демек баласы тың чыккан экен дейт. Ат майданга Көлбаевдин атасынын атынын берилиши саясий жактан туура эмес. Президент Алмазбек Атамбаев жарыялаган идеологияга караманча каршы келген идеологиялык сокур кадам деп эсептейм. Бул криминалдык идеологиянын салтанаты, даңазалоо болуп калды. Аны көргөн жаштар, башкалар “балаң ушундай болсо, ушинтип атасын дүйнөгө даңазалайт экен” деп айтышат.

Ат майдан Мамлекеттик мүлк фондуна карайт. Аталган фонддун азыркы жетекчиси  Нурбек Калматовдун билдиришинче, жергиликтүү бийлик Асанбек Көлбаевдин ысымын ыйгаруу тууралуу чечим кабыл алгандан кийин гана Мамлекеттик мүлк фондуна кабарлаган:

- 2012-жылы 21-августта атын ыйгарып, чечимин каттагандан кийин Ысык-Көл районунун акими биздин фонддун дарегине “ушундай атын бердик, өзүңөрдүн сунушуңарды айткыла” деген кайрылуу келген. Анан 27-август күнү фонддун ошол кездеги жетекчиси Айбек Осмоналиевдин колу менен “каршы эмеспиз” деген кат жөнөтүлгөн.

Көлбаевдин атасынын ысымынын ыйгарылыш жагдайы тууралуу “атамекенчилердин” жыйынында коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер министр  Абдырахман Маматалиев маалымат берди. Ага ылайык, ат берүүдө өкмөт башчы менен макулдашуу өңдүү жол-жоболор бузулган:

- Ысымы ыйгарылып жатканда ал премьер-министр менен макулдашылган эмес. Ошондуктан биз аны мыйзамдуу деп айта албайбыз. Экинчиден, Мамлекеттик мүлк фондунун мурунку төрагасына өкмөт башчысы, же өкмөт тарабынан “макулдук бересиңби, же бербейсиңби” деген бир дагы документ жок экен. Жергиликтүү кеңеш, жергиликтүү администрация чечим кабыл алардан мурун ушундай болуп жатат деп премьер-министрге кат жолдошу керек болчу.

Антсе да Ысык-Көл облусунун губернатору Эмил Каптагаев Асанбек Көлбаев 30 жылдан ашык убакыт райондук спорт комитетин жетектегенин, эмгеги сиңгенин айтып, ысымынын ат майданга берилишин жактап жатат:

- Райондук деңгээлде ал кишинин кадыр-баркы өтө эле чоң болчу. Райондук спорт комитетти жетектеп, бир канча иш-чараларды өткөрүп жүргөн. Ал сыяктуу райондук деңгээлде эмгеги сиңген адамдар башка жакта деле бар да. Бир да киши “балам ушундай болот, жакшы же жаман чыгат” деп кепилдик бере албайт. Ал кишинин эмгегин райондун эли баалап, атын ыйгарышкан.

Кандай болгон күндө да өкмөт Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандын атын өзгөртүү жолдорун издей баштады. Жергиликтүү кеңештин чечиминин мыйзамдуулугун текшерүүнү Башкы прокуратурага тапшырып, сот менен чечүү жагы каралып жатат.

​Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев мындан мурдараак Ысык-Көлдө айрым мамлекеттик кызматкерлердин кримтөбөл Көлбаев менен байланышы бар деп билдирген эле. Кримтөбөл боштондукка чыгып той бергенде бир катар аткаминерлер ага катышканы маалым болгон.

Көлбаев жаза мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу 8-июнда боштондукка чыккан. ИИМ анын эркиндикке чыгышы өлкөдөгү криминогендик кырдаалга таасир этерин моюнуна алган.

АКШнын Мамлекеттик департаменти ушул жазда Көлбаевдин кылмыштуу схемасын ачып бергендерге бир миллион доллар сыйлык жарыялаган эле. Үч жыл илгери АКШ президенти Барак Обама Көлбаевди дүйнөдөгү 7 эң ири маңзат королунун бири катары кара тизмеге киргизген болчу.

“Атамекенчилер” 20-августта жыйынга чогулуп, уюшма кылмыш топторго каршы күрөш боюнча өкмөттөн кеңири отчет алганы жатат. Азыркы бийлик “караларга” каршы күрөш токтобойт деп ишендирип келет. Бирок соңку кездери бийлик кылмыш топтору менен коюн-колтук алышып кетти деген сын-доомат көп айтыла баштады.