Түштүктү калыбына келтирүүгө бөлүнгөн каражаттын сарпталышы жөнүндөгү документтер жоголду

2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуудан кийин Кыргызстандын түштүгүн калыбына келтирүү үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын сарпталышы жөнүндөгү документтердин бир бөлүгү жоголуп кетти, деп билдирүүдө Эсеп палатасы.

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишмердүүлүгүн иликтөөнүн алкагында бюджеттик каражаттардын сарпталышы жөнүндөгү документтердин жоголуп кеткендиги аныкталды — бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде Эсеп палатасынын басма сөз кызматынын өкүлү Азамат Курамаев билдирди.

«Анда бюджеттик каражаттарды сарптоого байланышкандардын бүт бардыгы. Курулуш материалдарынын жалданма уюмдар тарабынан сатылып алынгандыгы. Тилекке каршы алар жоголуп кетиптир», — деди Эсеп палатасынын өкүлү.

Учурда Эсеп палатасы, Башкы прокуратура, Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттиги Кыргызстандын түштүгүн калыбына келтирүү боюнча мамдирекциянын каражатты максатсыз пайдалангандыгы боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө — ал мекеменин мурунку чиновниктери 570 млн. сомду жоготушкан деп шектелип жатышат.

Курамаев документтер мамдирекциянын ишмердүүлүгүн иликтөө үчүн 2013-жылдын апрелинде түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинен кийин жоголгон болушу мүмкүндүгүн айтты.

«Биздин текшерүү 2010-жылдан баштап үч жыл бою созулуп келген. Биз бардыгын текшергенбиз, бирок парламентте түзүлгөн депутаттык комиссия өзгөчө пикир менен чыгып, дагы бир жолу текшерип чыгуу чечимине келген», — деди ал.

Эсеп палатасынын өкүлүнүн айтымында, азыр документтердин бардыгы тең учурунда мамдирекция менен иштешкен жалданма уюмдардын жардамы менен калыбына келтирилүүдө.

«Түштүккө барганыбызда Эсеп палатасынын төрагасы бардык жалданма уюмдардын жетекчилерин чогултууну өтүнүп, ишти биротоло бүтүрүү үчүн ал документтердин бардыгын кайтарууга көмөктөшүп жардам берүү шартын койду», — деди Курамаев.

«Ишти токтотуу аракети»

Депутаттык комиссиянын башчысы, парламентарий Нарынбек Молдобаев Эсеп палатасы ишти токтотууга аракет кылууда деп эсептейт — анын айтымында, текшерүү маалында документтердин бардыгы тең бар болгон.

«Биздин текшерүү Эсеп палатасынын текшерүүсү менен бир убакта жүргөн. Эгер документтер жок болгон болсо алар жыйынтык чыгарууда кайсыл документтерге таянышкан? Ал жерде баары бар болчу! Күнөөлүүнүн күнөөлөрүн күнөөсүзгө түртүү менен Эсеп палатасы өзүнүн алсыздыгын көрсөтүп жатат», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Тема боюнча: Депутаттар мамдирекцияны 570 млн. долларды максатсыз пайдаланган деп айыпташты81FF2678-A576-4556-9269-1D4711E78A80Анын пикиринде, Эсеп палатасы экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев жана Жалал-Абад облусунун башчысы кызматынан четтетилген Жусупжан Жээнбеков баш болгон мамдирекциянын мурунку чиновниктери менен көмүскө бүтүмдө болушу мүмкүн.

«Мына, ал дирекцияда иштеген 14 адам бүгүнкү күндө жогорку кызматтарда. Аларды кайрадан Жалал-Абаддагы кеңсеге убактылуу алып баруу зарыл, документтердин бардыгын калыбына келтиришсин. Бирок эч ким андай кылбай эле», — деди Молдобаев.

Парламентарий документтердин бардыгы жоголуп кеткен күндө да аны калыбына келтирсе болот деп эсептейт.

«Эч кандай уурдоо болгон эмес»

Бүгүн, 12-августта өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан четтетилген Мамдирекциянын мурунку башчысы Жусупжан Жээнбеков Kloop.kgге берген маегинде эч кандай каражат уурдоо, өзүнө алып алуу жана максаттуу пайдалануу болбогондугун билдирди.

Анын айтымында, азыр мамлекеттик органдар «коменданттар, пол жуугучтар жана кароолчуларды» баш кылып мамдирекцияда иштеген чиновниктердин ишмердүүлүктөрүнүн баарын текшерип жатышат.

«Эч кимге эч кандай айып тагылган жок. Белгилүү бир депутаттардын нааразычылыктары гана бар. Баланча миллион сомду өздөрүнө алып алышкан деп айтып жаткан мырза [Өмүрбек] Текебаева. Бул үчүн ал Кудай алдында жооп берет», — деди Жээнбеков.

Анын айтымында, ал учурда мамдирекциянын ишмердүүлүгүн иликтөөнүн алкагында мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташууда.

«Эгер менин дарегиме кандайдыр бир суроолор болуп калса жардамдашып, суроолорго жеринде жооп берип көмөктөшүүм үчүн азыр мени ээлеген кызматыман убактылуу четтетишти», — деди ал.

Мамдирекция боюнча тергөө

Учурда өкмөт мамдирекциянын ишмердүүлүгү боюнча парламенттик көпчүлүк коалициясынын өтүнүчүнөн кийин демилгеленген тергөөнү улантууда. Кайрылуу премьер-министрдин атына 22-июлда жолдонгон — анда депутаттар мамдирекциянын 12 мурунку жумушчусун учурдагы кызматтарынан алууну талап кылышкан.

Коалициянын пикиринде, мамдирекциянын мурунку чиновниктеринин өкмөттөгү азыркы кызматтарында турушу «Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» мыйзамдын «одоно» бузулушу болуп эсептелет.

Тема боюнча: Оторбаев түштүктү калыбына келтирүү боюнча мамдирекциянын чиновниктерин кызматтан алуудаIMG_6560Көпчүлүктүн курамына кирген парламенттик «Ар-Намыс» фракциясынын лидери Феликс Кулов Kloop.kgге берген маегинде коалиция депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктарын иликтеп чыккандан кийин кайрылуу жолдогондугун билдирген.

«Ата Мекен» фракциясы себептер жетиштүү деген чечимге келди. Анан комиссиянын далилдерине таянуу менен көрсөтүлгөн адамдардын өз кызматтарында калууларынын максаттуулугу тууралуу маселени карап чыгууну жетиштүү деп таптык», — деген Кулов.

Анын пикиринде, премьер-министр Жоомарт Оторбаев «бир тараптуу» болбошу үчүн коалиция кызматтан алууну сунуштаган чиновниктердин да пикирлерин угушу керек.

«Өкмөт катта көрсөтүлгөн адамдардын пикирлерин да угуп чыгышы керек. Мүмкүн биз азырынча бир тараптуу берилген маалыматка гана ээдирбиз. Бул жумушчу учур, абалды жакшылап карап чыгуу керек, мында коркунучтуу деле эч нерсе жок», — деп билдирген ал.

Мамдирекция менен Сатыбалдиевдин сындалышы

2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуудан кийин түзүлгөн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекцияны кийинчерээк премьер-министр болгон Жантөрө Сатыбалдиев башкарган.

Сатыбалдиев өкмөт башчысы кызматында эки жылдан ашык иштеген жок — ал «Ата-Мекен» фракциясынын демилгеси менен ишке ашкан буга чейинки коалициянын тарап кетишинен улам кызматтан кеткен.

Депутаттар премьерди Кыргызстандын түштүгүн калыбына келтирүү боюнча мамдирекцияны башкарып турганда көптөгөн мыйзам бузууларга барган деп айыпташкан. Бул айыптоолорду текшерип чыгуу үчүн түзүлгөн парламенттик комиссия мамдирекциянын чиновниктери тарабынан 570 млн. сомдун максатсыз пайдаланылгандыгы тууралуу билдирген.

«Биринчиден, ал шаарларды калыбына келтирүү үчүн бөлүнгөн каражаттын максатсыз пайдаланышы — акчалардын сарпталышы көзөмөлгө алынган эмес. Экинчиден, курулуштун сапаты — эч кандай долбоорсуз, макулдашуусуз, чыгымдардын сметасы жок курулган», — деген Kloop.kgге берген буга чейинки маегинде комиссия төрагасы, «Ата-Журт» фракциясынан депутат Нарынбек Молдобаев.

Сатыбалдиевдин өзү кагылышуудан кийинки мезгилдерде каражаттардын сарпталышын көзөмөлдөө оор болгондугун айтып, дарегине айтылып жаткан айыптоолор менен макул эмес экендигин бир нече жолу билдирген.

«Келгиле кайрадан карап чыгабыз, кемчиликтер болгон, биз аны танбай элебиз. Бирок биз андай кырдаалда баарын тезирээк бүтүрүүгө шашканбыз. Ал эмес шаарларды кайрадан куруп чыгуу идеялары да айтылган. Азыр премьер-министр баарын көзөмөлдөйт деп айтыш туура эмес болуп калат. Келгиле, баарын укук коргоо органдары менен биргеликте текшерип чыгалы», — деп билдирген ал парламент жыйындарынын биринде.