«Кумтөр» боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Бишкекке «Центерранын» кеңешчилери келишти

Кыргызстандагы ири алтын кени «Кумтөргө» ээлик кылган канадалык «Центерра» компаниясынын жетекчилиги камакка алынуудан чочулап келишкен жок.

Жолугушуу кечээ,14-август күнү болду, деп билдирүүдө «Азаттык» радиосу кыргыз өкмөтүнө шилтеме жасап. Анда белгиленгендей, жолугушуунун жүрүшүндө «Кумтөргө» байланышкан келишимдердин долбоорлору талкууланган.

«Центерранын» жетекчилеринин өзүлөрү болсо камакка алынуудан чочулап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Бишкекке келүүдөн кооптонуп жатышат. Мындай кооптонуулар «Кыргызалтындын» мурунку жетекчиси Дилгер Жапаров камакка алынгандан кийин пайда болгон.

Буга чейин канадалык компаниянын топ-менеджерлери кыргыз бийлиги менен жолугушууну Кыргызстандын юрисдикциясы иштебеген нейтралдуу аймакта же кол тийбестик кепилденген шартта гана өткөрүүнү сунушташкан.

«Кумтөр» алтын кени боюнча сүйлөшүүлөр Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министрликтен кетип, өкмөттө кадрдык өзгөрүүлөр болгондон бери илгерилей элек.

Кыргызстандын парламенти «Кумтөрдөгү» акциялардын үлүштөрүнүн бөлүштүрүлүшүнө нааразы болуп, Сатыбалдиевдин өкмөтүнө алтын өндүрүү ишканасындагы пайыздарды жогорулатуу жана баалуу кагаздардын санын көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырмасын берген.

Бирок өкмөт тарап кетип, акциядагы үлүштөрдү өзгөртүү маселеси чечилбеген бойдон калган.

Учурда Кыргызстан дагы деле «Центерранын» акцияларынын 33 пайызына ээлик кылат, бирок Кумтөр иштеткен өндүрүүчү компанияларда үлүшкө ээ эмес. Өз кезегинде «Центерра» «Кумтөрдөгү» акциялардын толук пакетине ээ.

Сүйлөшүүлөрдүн токтошуна таасирин тийгизген дагы бир учур үстүбүздөгү жылдын 29-майында «Кыргызалтындын» мурунку башчысы Дилгер Жапаровдун камакка алынышы болгон.

Жапаров «Центерра» компаниясынын үлүштүк кирешелерин төлөө үчүн «Кумтөрдөн» мыйзамсыз 200 млн. доллар чыгарып алган деп айыпталган. Учурда ал тергөө абагында камакта жана соттук процесске катышууда.

Жапаров кармалгандан кийин «Кыргызалтындын» тутумундагы коррупцияны иликтөөгө Кыргызстандын атайын кызматтары да кызыгып башташкан — 27-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү компаниянын жаңы жетекчилиги менен жолугушуп, мыйзам бузуулар менен бирге күрөшүүнү сунушташкан.