«Пегасус» монополисттердин тизмесинен чыгарылганы менен билет бааларын арзандатпайт

«Пегасус» авиакомпаниясы монополисттердин тизмесинен чыгарылганы менен билеттерге болгон бааларын төмөндөтө албайт. Буга чейин компания ички каттамдарга болгон билеттеринин арзандыгы менен белгилүү болчу.

«Пегасус» авиакомпаниясы 6-августтан тарта жүргүнчүлөрдү ташуу рыногунда монополист болуп саналбайт.

Эми бийлик компаниянын бааларын жөнгө салып тура албаганы менен «Пегасус» ички каттамдарга болгон билеттердин бааларын арзандатпайт — бул монополисттердин тизмесинен чыгарууда коюлган шарттардын бири болгон.

«Алар каттамдарынын санын азайтышты, мындан улам алардын рыноктогу пайызы кыскарды. Бирок компания үчүн башкы шарттардын бири — билеттерди өздүк наркынан арзан сатпоо болчу», — деди Монополияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Болсунбек Казаков Kloop.kgге берген маегинде.

«Пегасус» Кыргызстандын рыногундагы жаш авиакомпания. Ал билеттеринин — өзгөчө өлкөнүн эң ири эки шаары, Бишкек менен Ошту бириктирген ички каттамдарынын арзандыгы менен белгилүү болчу.

«Пегасустун» башкы директорунун кеңешчиси Эрмек Өмүралиев Kloop.kgге берген маегинде компания монополисттердин тизмесинен Монополияга каршы күрөшүү агенттигине каршы жазылган соттук доо арыздан кийин чыгарылгандыгын билдирди.

«Бирок биздин тизмеден чыгарылгандыгыбыз каттамдардын санын үч эсе көбөйтүүбүзгө дагы деле уруксат бербейт, анткени бизди кайрадан үстөмдүк абалда деп айыптап, тизмеге киргизип коюуулары мүмкүн», — деди ал.

«Ак ниеттүүлүк» жана «эскирген мыйзамдар»

Монополияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилигинин алмашышы «Пегасустун» монополисттердин тизмесинен чыгарылышына кыйыр түрдө таасирин тийгизди. Буга чейин компаниянын атаандаштары аны билеттерди өздүк наркынан арзан сатып жатат деп айыпташып, «Пегасустун» ишмердүүлүгүнөн улам банкрот болуу ыктымалдыктары тууралуу билдиришкен.

Анткен менен агенттиктин жаңы жетекчиси Болсунбек Казаков «Пегасустун» саясаты калган компанияларды банкроттукка чейин алып барбашы керек деп эсептейт — бул тууралуу ал Kloop.kgге берген маегинде билдирди.

«Мен «Пегасустун» саясаты башка компанияларды банкроттукка алып барат деп ойлобойм. Азыр бизде рынок экономикасы, атаандаштык чөйрө жана бардыгы тең ушуга умтулушу керек. Атаандаштардын болушу — бул кардарга пайдалуу», — деди ал.10331d9f2457dfb928e6eae026a25289Казаков монополияга каршы күрөшүү тармагындагы мыйзамдар эскирип калгандыгын кошумчалады — ал мыйзамдарды учурдагы рыноктук экономикага ылайыктап өзгөрүүгө аракет кылуулары ыктымалдыгын айтты.

«Эгер компания таза иштеп, рыноктогу атаандаштыкты өнүктүрүп жатса, биз аларды колдошубуз керек, алардын рыноктогу үлүшү 60 пайыз болсо дагы — эгер алар ак ниеттүүлүк менен иштешсе бул жаман эмес», — деди ал.

«Пегасустун» өкүлү Эрмек Өмүралиев дагы мыйзамдарды эскирип калган деп эсептейт.

«Агенттиктин кызматкерлери жүргүнчүлөрдүн санына карап эсептеп жатышат, биз болсо каттамдардын жалпы саны боюнча санайбыз. Биз компаниялардын үстөмдүк абалы жөнүндөгү нормалардын өзүн эскирип калган деп эсептейбиз, анткени алар 90-жылдардын башында кабыл алынган. Мында үстөмдүк абал тууралуу кеп дагы болушу мүмкүн эмес, бизден башка компаниялар да учуп жатышпайбы. Азыр агенттиктен ал нормалар боюнча ойлоно тургандыктарын айтышты, антпесе коллапс болуп калууда», — деди ал.

«Пегасуска» карата даттануулар

Авиакомпания монополисттердин тизмесине атаандаш компаниялар тарабынан көптөгөн даттануулар болгондон кийин киргизилген — алар «Пегасустун» саясаты аларды банкроттукка алып бара тургандыктарын билдиришкен.

«Алгач, биз рынокко келгенибизде, буга чейин иштеп жаткан компаниялар кыйла эле терс реакциясын көрсөтүштү. Жаңы концепцияларды пайдаланып баштаган жаңы оюнчу келди. Экономикалык жактан алып караганда биздин элдин кирешеси анча деле жогору эмес, биз буга чейин учуп көрбөгөн адамдарга багытталганбыз», — деди Өмүралиев.

Казаковдун айтымында, компаниянын атаандаштары «Пегасустун» рыноктогу үстөмдүк абалына даттанышкан.

«Башка авиакомпаниялар мамагенттик менен өкмөткө өзүнүн үстөмдүк абалын пайдалануу менен алар кара өзгөй атаандаштык жүргүзүп  жатышат, билеттерди өздүк наркынан арзан баада сатуу менен компанияларды банкроттукка алып келүүдө деп кайрылышкан», — деди монополияга каршы күрөшүү агенттигинин башчысы.4711267353Буга чейин агенттиктин өкүлү Назина Алымкулова Kloop.kgге берген маегинде «Пегасус Азияга» каршы арыздануулар «Авиа Трафик» жана «Кыргызстан» деген эки жергиликтүү авиакомпаниядан келип түшкөндүгүн билдирген.

Авиаиндустрияга жакын булак Kloop.kgнин журналистине даттангандардын башка тизмесин айтты — алар «Авиа Трафик», «Эйр Бишкек», «Тез Джет» жана «Скай Бишкек», тактап айтканда, дээрлик бардык авиакомпаниялар арызданышкан.

Кыргызстандагы алгачкы «лоу-кост»

«Пегасус Азия» — лоу-косттор деп аталган бюджеттик каттамдарды Кыргызстанда биринчилерден болуп аткарып баштаган алгачкы авиакомпания.

Лоу-косттордун бизнес-үлгүсү жөнөкөй эле — жүргүнчүлөр аз топтомдогу шарттар үчүн кыйла арзан баадагы билеттерди сатып алышат.

Эреже катары, бюджеттик авикаттамдарда бизнес-класс сыяктуу кызматтар жок. Алардын «стандарттуу» авиакаттамдардан башка дагы айырмачылыктары бар.

Андан сырткары «Пегасустун» учактары аба майдандарда болушунча аз убакыт кармалышат.

Бирок дүйнөдөгү лоу-косттордун көбүнөн айырмаланып, «Пегасус» жүргүнчүлөрүнө билеттин алгачкы баасынын эсебине кошуп 20 килограммдык жүк алып жүрүүгө уруксат берет.

«Пегасус» Кыргызстандын рыногуна алгач Стамбулга түз каттам ачуу менен кирген, бирок коомчулук тараптан Бишкек-Ош каттамынын ачылышы өзгөчө кызыгууну жараткан. Анткени алардын сунуштаган баасы кээ бирде ошол эле багытта такси менен барууга караганда арзан болуп калуулары мүмкүн.