Пикир: «Орусиянын батышка карата киргизген санкциялары Кыргызстандагы бааларга таасирин тийгизбейт»

Жабдып туруучулар бирлигинин президенти Гүлнара Өскөнбаева Kloop.kgге берген маегинде Орусиянын Батыш өлкөлөрүнө киргизген санкциялары Кыргызстандагы бааларга кандай таасирин тийгизиши мүмкүндүгү жана базарда кандай товарлардын жок болуп кетүү ыктымалдыктары бар экендиги тууралуу айтып берди.

Орусия 7-августта батыш өлкөлөрүнөн кээ бир азык-түлүк түрлөрүн алып кирүүгө тыюу салды. Ал тыюу башка өлкөлөрдүн айыл чарба продукциялары менен эт азыктарын Орусияга экспорттоо көлөмүн жогорулатуусуна мүмкүндүк берди, ал мүмкүнчүлүк менен Кыргызстан да пайдаланып калууга аракет кылууда.

Kloop.kgге Кыргыз жабдып туруучулар бирлигинин президенти Гүлнара Өскөнбаева Орусиянын Батыш өлкөлөрүнө киргизген санкциялары Кыргызстанга кандай таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн түшүндүрүп берди.

Анна Тищенко, Kloop.kg: Орусиянын Батыш өлкөлөрүнө киргизген санкциялары Кыргызстанга кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

Гүлнара Өскөнбаева, Кыргыз жабдып туруучулар бирлигинин президенти: Чоң деле таасири болбойт, бирок Кыргызстанга жашылча-жемиштерди Орусия рыногуна жеткирүү кыйла эле жеңил болот деп ойлойм.

А сүт жана эт азыктары боюнча чоң деле жеңилдиктер болбойт, анткени бизде ветеринария тармагында өзүбүздүн ички көйгөйүбүз бар, бирок негизинен Кыргызстан эт азыктарын Орусиянын рыногуна да жеткирип тура алмак.

А.Т.: Санкциялар Кыргызстандын ички рыногуна кандай таасирин тийгизет?

Г.У.: Эч кандай. Чындыгында бизге Европадан сырлардын, шоколаддардын тандамал түрлөрүн гана алып келишет. А макарондор, эт… Негизинен бизде эт өзүбүздүкү. Ошол эле тоок сандары Америкадан алынып келинет — азыр аларды алып келүү кыйла эле азайып калды. Бизге Америкага караганда Кытайдан көп эт келет.

Менин оюмча, сезилээрлик деле таасирин тийгизбейт. Бирок кээ бир абийирсиз ишкерлер учурдан пайдаланып, бааларды жогорулатып жиберүүлөрү мүмкүн. Бирок бул ал тыюу салуулардан улам болбойт, жөн гана кээ бир ишкерлердин абийирсиздигинен болот.

А.Т.: Базарда кайсыл тандамал азык-түлүктөр жоголуп кетиши мүмкүн?

Г.У.: Көгөртүлгөн сыр, катуу сыр — ар бир адам сатып албаган азык-түлүктөр. Сиздердин деле айына бир жолу көгөртүлгөн сыр жеп тураарыңыздан күмөнүм бар. Антпесеңиз керек. Мен дагы жебейм. Албетте бул менин баамымда, бирок ошентсе да биз ал азык-түлүктөрдү алып келебиз. Кайсыл бир катуу сырдын бир килограммы миң сомдон жогору турат. Тандамал алкоголь. Биз Италиядан макарон азыктарын алып келебиз, бирок элдин басымдуу бөлүгү аларды сатып алышпайт, анткени алардын бир же жарым килограммы эле 200-300 сом турат, ал эми ошол эле «Акундуку» 35 сом.

Анан албетте калктын пенсионерлер, бюджетте иштегендер сыяктуу катмары италиялык макарондорду эмес, «Акундукун» сатып алышат да. Мына ушул сыяктуу нерселер келет. Биз Орусиядан айырмаланып Европадан кыйла эле алыс жайгашканбыз. Бизде транспорттук чыгымдарды да эске алуу керек. Ошондуктан Орусияга караганда биздин Европанын азык-түлүгүнө болгон көз карандуулугубуз кыйла эле төмөн. Биз көбүнчө ошол эле Орусиядан, Казакстандан, кайсыл бир кымбат эмес азык-түлүктөрдү Кытайдан алып келебиз.

А.Т.: А ал тандамал азык-түлүктөр бизге Орусия аркылуу алынып келинеби?

Г.У.: Жок, түз алынып келинет.

А.Т.: Демек Орусиянын санкциялары Кыргызстанга анчалык деле таасирин тийгизбейт экен да?

Г.У.: Чынын айтканда, негизинен азыркыдай калыбында таасирин тийгизбейт. Анткени биз түз алып келебиз. Биз Орусия аркылуу эч нерсе алып келбейбиз. Бул биринчиси.

Экинчиси, эгер биз Бажы биримдигине кирип, кандайдыр бир жол менен Бажы биримдиги ал санкцияларды кабыл алса таасирин тийгизиши мүмкүн, бирок азыр андай жок (тактап айтканда, ал санкцияларды Орусия жарыялады, а Казакстан менен Белоруссия алар боюнча эч нерсе дешкен жок). Тактап айтканда, бизге да таасири тийип калышы мүмкүн.

А.Т.: А Кыргызстанга Евробиримдиктен же Америкадан Орусия аркылуу алынып келинген азык-түлүктөр барбы?

Г.У.: Орусия аркылуу жок. Эмнеге экенин силерге түшүндүрүп берейин. Реэкспорт болгондо (товар өндүрүлбөгөн өлкөдөн алып келүүдө) биздин бажы мыйзамдарыбыз боюнча келишимдин суммасынын 35 пайызынын өлчөмүндөй бажы төлөмү төлөнүшү керек. Бул пайдасыз. Азык-түлүктөрдүн өзүлөрү кымбат, жол узун, анан да төлөмдөр. Менин пикиримде, Орусиянын санкциялары бизге таасирин тийгизбейт. Бул Орусия менен Евробиримдиктин ортосундагы мамиле.

Автор: Анна Тищенко