Видео: Табигый балды жасалмадан кантип айырмалоого болот?

kloop.kgнин кабарчылары бал жарманкесинде болушуп, жасалма балды аныктап таанып, табигый балды кантип тандоо керектигин жана кандай балдын эң пайдалуу экендигин билип келишти.

Балчы Иван Печеревич  Kloop.kgнин кабарчыларына табигый бал кашыктан үзгүлтүксүз жыбылжып агып, бара-бара кристаллдашканы менен айырмаланаарын айтып берди.

«Табигый бал кристаллдашышы керек. Эгер ал көп убакытка чейин кристаллдашпаса — бул балдын сапатсыз экенинин көрсөткүчү. Чыныгы бал жыбылжып текши агып, үзүлбөшү керек», — деди ал.

Анын айтымында, чыныгы балды жасалмадан даамдап көрүп айырмалоого мүмкүн эмес.

«Балдын курамында канчалык көп гүл болсо ал ошончолук каралжын болот. Мисалы, мына бул кашка беденин балы — ак болот. Анын курамында болгону эки гана гүл бар — ак кашка беде жана сары кашка беде», — деди Печеревич.

Балчынын айтымында, балдын ар кайсы түрү ар башка ооруларды дарылашы мүмкүн.

«Бал ооруну дарылоодо эң мыкты каражат болуп эсептелет. Алсак, мына бул ак кашка беде жүрөк кан тамыр ооруларын дарылайт. Ошондой эле прополис дагы бар. Прополис — өтө пайдалуу зат, бул жаратылыш антибиотиги. Прополистен тундурмаларды жасашат, аны спиртте же аракта жасап, анан мисалы ооруп жаткан муундарга сыйпаса болот», — дейт ал.