ЖМК: «Кыргыз почтасы» өзүн өзү жоё тургандыгы жөнүндөгү маалыматты четке кагууда

«Кыргыз почтасы» ишканасы ишин токтоткондугу тууралуу айтылган маалыматтарды четке кагууда. Буга чейин «Тазабек» басылмасы ишкананын өзүн өзү жоё тургандыгы жөнүндө кыска кабар жазган.

«Кыргыз почтасынын» жоюла тургандыгы жөнүндөгү жаңылык 18-август күнү «Тазабек» бизнес-басылмасына чыккан — басылма Улуттук банктын апта сайын чыгуучу обзоруна таянуу менен ишкана өзүн өзү жоюу боюнча арыз бергендигин жазган.

Ал жаңылыкта ишкананын өзүн өзү жоюусунун себептери түшүндүрүлгөн эмес — «Тазабекте» жазылгандай, андай арызды «Кыргыз почтасынын» башкы директору жазган.

Алгачкы чыккан жаңылык төмөндөгүдөй көрүнүшкө ээ:Skrinshot-18.08.2014-112052-001Бир нече сааттан кийин ал жаңылык өзгөртүлүп, жаңыланган — эми анда бүтүндөй ишкананы эмес, алмаштыруу пунктун гана жоюу тууралуу айтылууда.

«Кыргыз почтасы» тараптан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын дарегине чет элдик валюталар менен алмаштыруу операциялары ишке ашырылган бир гана алмаштыруу пункт боюнча лицензияны кайтаруу жөнүндө кат жолдонгон», — деп жазылган жаңыланган жаңылыкта.

Азыр жаңылык төмөндөгүдөй көрүнүштө:Skrinshot-18.08.2014-112048Ишкана директорунун орун басары «Вести.kg» порталына түшүндүрмө берип, өзүн өзү жоюу боюнча айтылган маалыматтарды четке каккан.

«Бизди жоюп салыш акылга сыйбаган иш болмок, анткени биз – стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканабыз. Андан сырткары бизде ишкананы өнүктүрүү боюнча пландарыбыз көп жана аны жоюуга таптакыр себеп жок», — деп жазган «Вести.kg» «Кыргыз почтасынын» директорунун биринчи орун басары Нимад Мавляновдун айткандарын.

Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде Улуттук банктын өкүлү басма сөз кызматы ал маалыматты таркаткан булакты издеп жаткандыгын жана бул боюнча маалымат түштөн кийин гана болоорун билдирди.

Азырынча кайсыл тараптан ката кеткендиги түшүнүксүз бойдон калууда.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн «Кыргыз почтасынын» жетекчилиги жеткиликсиз болуп чыкты — мекемеден ишкананын жоюлуу ыктымалдыгы тууралуу эч нерсе билбей тургандыктарын кабарлашты.

Унаа жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде «Кыргыз почтасынын» өзүн өзү жоюу ыктымалдыгы тууралуу айтып бере албастыгын билдирди.

«Жетекчилик азыр кеңешмеде, а министрдин орун басары менен бир сааттан кийин гана сүйлөшө алам», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.