Өкмөт кышында электр энергиясын өчүрүүлөр болбой тургандыгын убадалоодо

Эгер үч фазалуу электр камсыздоо системасына тыюу салынса, жалпы электр жарыгын өчүрүүлөрдү болтурбай коюуга мүмкүн, деп билдиришти Энергетика жана өнөр жай министрлигинен.

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев 18-август күнү 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилинде жалпы электр жарыгын өчүрүүлөрдү болтурбай коюуга мүмкүн экендигин билдирди.

«Биздин максат — таптакыр өчүрүлүүлөрдү болтурбоо. Биз сауна, ресторан жана унаа жуучу жайлардын электр жылуулуктарын өчүрөбүз. Аларды энергиянын башка түрүнө өткөрөбүз», — деди ал.

Артыкбаевдин айтымында, эреже катары жеке сектордун жашоочулары үйлөрүн жылытуу үчүн колдонуп жаткан үч фазалуу жабдууларды өчүрүү менен жалпы өчүрүүлөрдү болтурбоого мүмкүн.

Министрдин маалыматы боюнча, алар жалпы электр энергиясынын дээрлик жарымын колдонушат.

Кыргызстанда андай абоненттердин саны жалпысынан 123 миңге чукул — бул бардык жалпы абоненттердин он пайызын түзөт. Анткен менен «үч фазалуу» абоненттердин канчасы электр энергиясын жылуулук үчүн пайдалана тургандыгы белгисиз бойдон калууда.

Артыкбаев күз-кыш мезгилдеринде Кыргызстанда көмүр сатуучу 500дөн ашуун түйүн ачыла тургандыгын белгиледи. Өкмөт алар аркылуу кышында жылынууга көмүр камдап алууну сунуштоодо.

Министрдин айтымында, бийлик көмүргө болгон баалардын жогорулап кетпөөсүн көзөмөлдөп турууга аракет кылат.

Кыргызстандыктар өкмөттүн үч фазалуу электр камсыздоо системаларына тыюу салуу демилгесине терс пикирлерин билдиришти — популярдуу «Дизель» интернет-форумунун Fatmaster аттуу колдонуучусу электр энергиясын өз эсебинен тартып келгендиктен үч фазалуу жабдууларды өчүрүүгө каршы экенин жазган.

«Акчаларыбызды кайтарып бергиле, же болбосо алгач силер сыяктуу байкелердикин өчүргүлө. Меникин өчүрүү үчүн электр мамыга чыккандардын бардыгын атамын», — деп жазган форум колдонуучусу.

Аны энергетика тармагындагы көйгөйдүн келип чыгуусуна өкмөттү айыптаган интернет-форумдун BobbyJR аттуу дагы бир колдонуучусу колдогон.

«Сууну төгүп, өз чөнтөгүнө салынчу акча үчүн оңго-солго саткандын ордуна баш менен ойлонуп, сууну чогултуу керек болчу… А бирок эч ким чогулткан жок… Акылга салбай эле төгүп салышты… андыктан жаратылышка шылтабагыла… Ар бир тамчысын топтобостон куб метрлеп тараткандар күнөөлүү», — деп жазган форумдун колдонуучусу.

Электр энергиясынын жетишсиздиги Токтогул ГЭСиндеги суунун деңгээлинин төмөндөп кеткенинен улам келип чыккан.

Ошондой эле кырдаал үстүбүздөгү жылдын апрелинде Өзбекстан өлкөнүн түштүгүнө газ берүүсүн токтоткондон кийин электр тармагындагы жүктөлүштөрдүн көбөйгөндүгүнөн улам күчөп кеткен.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, электр энергиясындагы көйгөйлөрдүн чечилиши Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна байланыштуу болот.

Анын айтымында, Камбар-Ата ГЭСинин кубаттуулугу 1860 мегаватты түзөт, бул электр энергиясы менен Кыргызстандын түндүгүн гана камсыз кылбастан, аны Пакистанга, Ооганстанга жана Кытайга экспорттоо мүмкүнчүлүгүн берет.

«Бул мегадолбоорго чоң үмүттөр бар. Ал миңдеген жумушчу орундарын түзүү менен биздин энергетиканын тез өнүгүүсүнө алып келет», — деп эсептейт Оторбаев.

Автор: Алексей Ким.