Орусия Кыргызстандан ташылган эт жана мөмө-жемиштерге чектөөлөрдү алып салды

Орусия Кыргызстандын мөмө-жемиш, эт жана сүт азыктарын экспорттоосуна шарттарды түзүп берет, деп билдирүүдө кыргыз Экономика министрлиги орус өкмөт башчысынын орун басары Игорь Шуваловдун айткандарына шилтеме жасап.

Орусия менен сүйлөшүүлөр 15-августта Москвада өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынында болду — анда Орусиянын вице-премьери Игорь Шувалов Кыргызстандан ташылган азык-түлүккө болгон тыюуну алып салуу тапшырмасын берди.

«Биз кыргыз мөмө-жемиштерин Орусия Федерациясына ташып келүү үчүн буга чейин киргизилген бардык чектөөлөрдү алабыз, негизсиз токтотуулар болсо мага кайрылгыла — жардам беребиз», — деп жазган Кыргызстандын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы Шуваловдун айткандарын.

Жыйынга Кыргызстандын атынан экономика министрлигинин орун басары Даниил Ибраев катышып, ташып кирүүгө киргизилген чектөөлөрдү алуу жана экспорт үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүнү өтүнгөн.

«Кыргыз Республикасы кыргыз азык-түлүктөрүн Бажы биримдигинин рыногуна ташып келүүдөгү техникалык жана соода тоскоолдуктарынын бардыгын алып салуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну өтүнөт», — деп жазган Ибраевдин айткандарын мекеменин басма сөз кызматы.

Кыргызстан үчүн киргизилген чектөөлөрдүн алынышы Орусиянын Батыш өлкөлөрүнөн азык-түлүк товарларын алып кирүүгө салган тыюуларынын фонунда орун алууда. Бул Кыргызстан сыяктуу башка өлкөлөрдүн азык-түлүктөрүн Орусияга экспорттосу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Кыргыз бийлиги буга чейин жылына 200 тоннадан айыл чарба азыктарын жеткирип туруу боюнча Орусиянын Екатеринбург жана Новосибирск шаарлары менен макулдашкандыгын билдирген.

Экономика илимдеринин доктору Рустам Асизбаев Kloop.kgге берген буга чейинки маегинде  Орусиянын батышка каршы киргизген санкцияларынан кийин ал өлкөдө Кыргызстандын жер-жемиштерине болгон суроо-талап күчөй тургандыгын айткан.

Анын айтымында, 2014-жылы кыргыз фермерлери үчүн түшүм аз жыл болгондуктан азык-түлүктү быйыл эмес, эмдиги жылдан баштап экспорттоп баштоо керек.

КМШ өлкөлөрүнүн институтунун Экономика бөлүмүнүн жетекчиси Аза Мигранян «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасына берген маегинде кыргыз азык-түлүгү орусиялык сапат стандарттарына туура келбей тургандыгын, ошондуктан Белоруссия, Казакстан менен атаандаша албастыгын билдирген.

«[...] Орусияда айыл-чарба продукциялары менен азык-түлүктөр боюнча Бажы биримдигинин техрегламенттеринин талаптарынын стандарттары кыйла эле жогору. Ал стандарттар бүткүл европалык континентте эң катаал болуп эсептелет», — деп жазган «Вечерний Бишкек» Миграняндын айткандарын.

Бирок экономика министринин орун басары Даниил Ибраев башкача деп эсептейт:

«[...] Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан стандарттар жалпысынан Бажы биримдигинин стандарттарына окшош эле. Бул деген Кыргызстанда өндүрүлгөн азыктар Бажы биримдигинин тиешелүү документтеринин талаптарына дал келе тургандыгынын кепилдиги», — дейт министрдин орун басары.

Буга чейин Орусияга каршы санкция киргизген өлкөлөрдөн белгилүү бир азык-түлүк түрлөрүн алып келүүгө 7-августта тыюу салган. Орусиянын ал тыюуларына АКШ, Европа биримдигинин курамындагы мамлекеттер, Австралия, Норвегия жана Канададан алынып келинген азык-түлүктөр киргизилген:

  • Уйдун жаңы же муздатылган эти;
  • Уйдун тоңдурулган эти;
  • Чочконун жаңы, муздатылган же тоңдурулган эти;
  • Үй канаттууларынын эти менен азыктары, жаңы, муздатылган же тоңдурулган;
  • Туздалган, кургатылган же ышталган эт;
  • Балык, суу чаяны сымал моллюскалар жана башка суудагы омурткасыз жандыктар;
  • Сүт жана сүт азыктары;
  • Тамыры жемиш жана жемиш тамырдуу желе турган жашылчалар;
  • Жемиштер жана жаңгактар;
  • Колбасалар жана эттен, эт субпродуктуларынан жана кандан жасалган ага окшош азыктар; алардын негизинде жасалган даяр азык-түлүктөр;
  • Быштак жана сыр сыяктуу өсүмдүк майларынын негизинде даярдалган даяр азыктар;
  • Азык-түлүктөр (өсүмдүк майынын негизиндеги курамында сүт бар азыктар).

Батыш өлкөлөрү 2014-жылдын жаз айларынан бери Крым жарым аралын тартып алгандыгы үчүн, ошондой эле Украинанын чыгышындагы куралдуу кагылыштарга тиешеси бар болушу мүмкүн деп Орусияга каршы бир канча экономикалык санкцияларды киргизишкен.