Бийлик электр энергиясынын таңкыстыгынан улам көмүрдүн кымбаттагандыгын төгүндөөдө

Парламенттин депутаты билдиргендей көмүргө болгон баалар жогорулаган жок, деп билдиришти Монополияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттиктен. Буга чейин, электр энергиясынын тартыш болуу ыктымалдыгы тууралуу айтылгандан кийин бийлик көмүргө болгон бааларды көзөмөлдөй тургандыгын убадалаган болчу.

Монополияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Болсунбек Казаков Kloop.kgге берген маегинде алардын маалыматы боюнча, буга чейин парламент депутаты Дастан Бекешев твиттер-эккаунту аркылуу билдиргендей көмүргө болгон баалардын жогорулагандыгы байкалбагандыгын айтты.

«Көмүргө болгон баалар апта сайын көзөмөлдөнүп турат. Аларга ылайык, кескин секирик жок. Биз бааларды көмүр казылып жаткан кендерде белгилейбиз. Мисалы, Жумгал районунда көмүрдүн бир тоннасына болгон баа 800дөн 1200 сомго чейин. Бишкекте 3400 сомдон 4600 сомго чейин», — деди ал.

Kloop.kg тарабынан сурамжыланган көмүр сатуучулар баалардын өткөн жылдан бери өзгөрүлбөгөндүгүн, а көмүрдүн өзү азырынча Бишкекке жеткириле электигин айтышты — отундун бул түрүн массалык түрдө сатуу сентябрдан тарта башталат.

Казаковдун айтымында, көмүрдүн баасы Ошто гана, газдын жоктугунан улам кымбаттаган. Түштүк борбор үстүбүздөгү жылдын апрелинде Өзбекстан газ берүүсүн токтоткондон бери көгүлтүр отунсуз жашап келет.

«Аны менен (түштүктөгү газ каатчылыгы менен) алып сатарлар пайдаланып жатышат. Азыр Ош шаарында көмүрдүн бир тоннасы 5500дөн 6000 сомго чейин болуп жатат. Эгер бул абал менен алып сатарлардын пайдаланып жаткандыгы аныктала турган болсо, анда тиешелүү чаралар көрүлөт», — деди Казаков.

Агенттик башчысынын пикиринде, кыргызстандыктар отунга болгон баалардын жогорулоо ыктымалдыгы күтүлүп жаткан 2014-2015-жылдын күз-кыш мезгилине чейин көмүр камдап алышса жакшы болмок.

Буга чейин парламент депутаты Дастан Бекешев өзүнүн твиттер-эккаунту аркылуу көмүрдүн кымбаттагандыгын билдирген, бирок анда канчага кыбаттагандыгы тууралуу маалымат айтылган эмес.

«Көмүр кескин түрдө кымбаттап кетти. Оторбаевге [премьер-министр Жоомарт Оторбаевге] рахмат: элге кайрылуу жасады, а бааларды кармап туруу боюнча чараларды көргөн жок», — деп жазган ал.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн бүгүн ал жеткиликсиз болууда.

Августтун ортосунда өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев алдыдагы кышта электр энергиясынын таңкыстыгы ыктымалдыгынан улам кыргызстандыктарды көмүр камдап алууга чакырган.

Электр энергиясынын тартыш болуу ыктымалдыгынын жаралышына Кыргызстанга керектүү жарыктын 40 пайызы менен камсыз кылган Токтогул ГЭСиндеги суунун азайышы себеп болгон.

Авторлор: Азат Рузиев жана Карина Толмачёва