ИИМ милиция кызматкеринин өзбектер тууралуу айткан «байкоосуз» сөздөрүн териштирет

Ички иштер министрлиги (ИИМ) айдоочунун жарандыгына карап «баңгизатын колдонууга» айыптаган кызматкерлеринин аты-жөндөрүн тактап жатат. Басма сөз кызматынан айтылган сөздөрдүн далилдерин издеп жаткандыктарын айтып түшүндүрүштү.

Hummer H3 үлгүсүндөгү унаа Бишкектин Жаш Гвардия гүлбагы менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинен бакка сүзүлгөн. Кырсык болгон жерге барган милиция кызматкери унаанын ээси Өзбекстанда туулгандыктан аны «баңгизатын колдонгон» деп айыптады.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде азыркы учурда окуя боюнча тергөө иштери уланып, фактылар такталып жаткандыгын билдирди.

«Кырсык болгон жерге биринчилерден болуп МАИ (мамавтоинспекция) баргандыгын жана башка кызматтардын да бар болгондугун белгилей кетүү керек. Андай сөздөрдүн айтылган-айтылбагандыгын биз дагы териштиребиз», — деди Осмонбаев.

Анын айтымында, кырсык болгон жерде бир нече укук коргоо кызматкерли болгондуктан Ички иштер министрлиги азырынча өзбектер тууралуу айтылган сөздөрдүн кимге тиешелүү экендигин аныктай элек.

«Азырынча ИИМ системасында анын участкалык милиция же милициянын нөөмөт кызматы экендиги белгисиз, бирок биз тактайбыз. Мен кечээ Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгына телефон чалгам, азыр алар тактап жатышат», — деди Осмонбаев.

Ал ИИМ айтылган сөздөр ырасталып, окуянын бардык чоо-жайы аныкталгандан кийин түшүндүрмө бере тургандыгын белгиледи.

«Байкоосуз сүйлөө»

Унааны 20 жаштагы Алексей башкарып бара жаткан — анын мээси чайкалган, бул тууралуу Бишкектин жол милициясынан билдиришти.

Болжолдуу түрдө Дмитрий делинип жаткан «Хаммердин» ээси да кырсык болгон маалда унаанын ичинде болгон, бирок эч кандай жаракат алган эмес.

Кырсык болгон жерге барган милиция кызматкери айдоочу менен кошо аны да «баңгизат колдонуп алган» болушу мүмкүн деп айыпташкан.

Унаа ээси нааразы болуп: «Байке, мен эмне жинди бекенмин? Мен келесоого окшоп турамбы?», деп жооп берген. Андан соң милиция кызматкерлеринин бири унаанын ээси менен айдоочусунун Өзбекстанда туулгандыгын аргумент катары пайдаланган.

«Өзбектер сайынып алганды жакшы көрүшөт деп айтып жүрүшөт го», — деген милиционер Kloop.kgнин кабарчысынын көзүнчө.

Унаа ээсинин этникалык корей экендигин уккан соң милиция кызматкери: «Анда [Өзбекстанда] туугандарың бар да», деп кошумчалаган.

Дмитрий анын улуту менен жарандыгына байланышкан милиционердин айткандарына көңүл бурган эмес.