Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүнүн алдындагы бажы төлөмдөрүнүн жогорулашына даярданууда

Бүгүнкү күндө Бишкектеги «Азамат» базарынын сатып алуучуларынын алдында унааларга болгон бажы төлөмдөрү жөнүндөгү маселе курч турат. Жакынкы арада республиканын Орусия башында турган Бажы биримдигине кирүүгө даярдануунун алкагында чет өлкөлөрдөн ташылып келинген унааларга алынчу бажы төлөмдөрүн чукул көтөрөөрү күтүлүүдө; сатып алуучулар жаңы тартиптердин киргизилиши менен унааларга болгон баалар бир нече жылдын ичинде эки эсеге жогорулап кетиши мүмкүн деп кооптонуп жатышат.

Макаланын түп нускасы eurasianet.org сайтына чыккан. Автору: Kloop Media мектебинин бүтүрүүчүсү Тимур Токтоналиев.

«Бийликтин эмнеге мындай кылып жатканын билбейм. Андан көрөк алар биздин жашообузду жайлуураак кылса жакшы болмок. Унаага ээлик кылгандын эмнеси жаман? – деп суроо салат ысык күндөрдүн биринде Жапония, Түштүк Корея, Европа жана АКШдан алынып келинген миңдеген унааларды аралап жүргөн Бүбүсара Шалпыкова. – Эгер унаалар өтө эле кымбаттай турган болсо бизге Бажы биримдигинин эмне кереги бар?»

Кыргызстандын Орусия башында турган Бажы биримдигине үстүбүздөгү жылдын аягында кириши пландалууда. 11-августта Орусия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга өткөөл мезгилди жеңилдетүү максатында 500 млн. доллар өлчөмүндөгү экономикалык жардам бере тургандыгын убадалаган.

Бажы биримдигине мүчө болгондон кийин Бишкек унааларга болгон бажы төлөмдөрүн Бажы биримдигинин бирдиктүү төлөмдөрүнө дал келтирүү үчүн аларды жогорулатууга милдеттүү. Азыркы тапта 1-январдан тарта Евразиялык экономикалык биримдик деп өзгөрө турган Бажы биримдигинин курамына Орусия, Беларусь жана Казакстан кирет.

Өкмөттүн июлдун аягында Экономика министрлигинин сайтына чыккан токтом долбооруна ылайык, чет өлкөлөрдөн унааларды (буга чейин айдалган же жаңы)ташып келүүдө алынчу бажы төлөмдөрү акырындап алдыдагы беш жыл ичинде жогорулайт. Мисалы, азыр 2400 куб см көлөмүндөгү кыймылдаткыч орнотулган он жыл мурун чыккан унаага болгон төлөмдөр 960 долларды түзөт. Ал эми жаңы эрежелерге ылайык, ошондой эле унааны ташып келүүдө алынчу бажы төлөмү ушул жылы 1200 долларга, кийинки жылы – 2400 долларга чейин жогорулап, 2019-жылга карата 11040 долларды түзүп калат.forester2005

Тема боюнча: Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин унааларга болгон бажы төлөмдөрү 20 эсеге жогорулашы мүмкүн

Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, эгер бул токтом өкмөттүн алдыдагы жыйындарынын биринде кабыл алынса жаңы бажы төлөмдөрү дароо эле күчүнө кирет. (Парламенттин жактыруусу талап кылынбайт). Жаңы, экологиялык жактан тазараак унааларга карата алынчу бажы төлөмү бир топ төмөн, бирок алардын өзүлөрүнүн баалары кымбат болот.

«Бул бир гана нерсени түшүндүрөт – калктын негизги массасы үчүн унаалар анча жеткиликтүү болбой калат», – дейт Бишкектеги Grand Motors салонунун сатуучусу Андрей Лесняков.

Бир катар адамдар Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши менен унаа сүйүүчүлөр акырындап бажы төлөмдөрү алынбаган Орусияда өндүрүлгөн унааларга отуруп, Орусияга киреше алып келип калуулары мүмкүн деп божомолдоп жатышат.

Андрей Лесняковдун айтымында, орусиялык унаалар адамдар божомолдоп жаткандан кыйла эле кымбат турат. Ал эми орусиялык унаалардын сапаты анын жылмаюусун гана жаратат. «Орусия менен Кыргызстандын жашоочуларынын айлык маяналарынын айырмасы өтө чоң экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Андыктан [Кыргызстанда] баалардан башка эч нерсе өзгөрбөйт», – деп билдирди ал EurasiaNet.org сайтына.

Андрей Лесняковдун байкоолору боюнча, акыркы айларда сатуулардын көлөмү кыйла көйбөйгөн, бул көрүнүштү ал унаа алып кирүүдө алынчу бажы төлөмдөрүнүн жогорулашынын күтүлүп жаткандыгы менен түшүндүрүүдө. Анын көз карашы боюнча, жакынкы үч жылда сатуулар 50 пайызга чейин түшүп кетет.

Экономика министринин орун басары Данил Ибраевдин айтымында,жаңы бажы төлөмдөрү айлана-чөйрөнү булгап жаткан өлкөдөгү эски унаалардын санынын азайышына түрткү болот.

«Бажы төлөмдөрүн көбөйтүү процесстин бир бөлүгү болсо да, биз төлөмдөрдү Бажы биримдигинин мыйзамындагы эрежелерге тууралоо үчүн гана көбөйтөлү деп пландабай элебиз. Биринчи кезекте биз экологиябыздын абалына тынчсызданып жатабыз. Жакында бизде дем алууга мүмкүн болгон аба жок калат, – деп билдирди ал EurasiaNet.org сайтына – Биз Бажы биримдигине кирбеген чакта да баары бир унааларды алып кирүүдөгү бажы төлөмдөрүн жогорулатуу планын ишке ашырмакпыз. Бардык өлкөлөр тең эски автоунаалардын санын кыскартууга аракет кылып жатышат».

Анткен менен бул унаа сүйүүчүлөрдүн кооптонууларын жойбой эле. «Унааларга болгон баалар киргизилген жаңы бажы төлөмдөрүнүн эсебинен гана жогорулабай тургандыгы ачык эле көрүнүп турат. Унаа сатуучулар ал мүмкүнчүлүктөн пайдаланышып, өлкөгө буга чейин эле алынып келинген унаалардын баасын кымбаттатып жиберишет», – деп белгилейт Кыргызстандын айдоочулары менен транспорт ээлери биримдигинин директору Канат Нагаев.

Эгер азыр бишкектик үй-бүлөлөрдүн көбүнүн бирден ашык унаа сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар болсо, жаңы бажы төлөмдөрү үй-бүлөлөрдөгү унаалардын санын азайтат, деп божомолдойт ал.

Азыркы тапта Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү Бажы биримдигине кирүү идеясын колдойт. Ушул айда жарыяланган сурамжылоонун жыйынтыктарына ылайык, Кыргызстандын жашоочуларынын 70 пайыздан ашыгы өлкөнүн Бажы биримдигине мүчө болушун каалашат. Алардын көпчүлүгү орусиялык телеканалдарды көрүшөт жана дээрлик ар бий үй-бүлөдө уулу же кызы Орусияда иштейт. Алар жөнөткөн акча республиканын ички дүң өндүрүмүнүн дээрлик 31 пайызын түзөт.

Эгер Кыргызстан экономикасын өнүктүрүүнү кааласа анын Бажы биримдигине кирүүдөн «башка жолу жок» деп эсептейт Мунай ташуучулар ассоциациясынын мурунку башчысы Жумакадыр Акенеев: «Биз өзүбүз эч нерсе өндүрбөйбүз».automobile

Тема боюнчаКыргызстандын Бажы биримдигине кириши автоунааларды ташып келүү бизнесин токтотобу?

Анын айтымында, Кыргызстандын экономикасынын начардыгы анын кытай товарларын КМШ өлкөлөрүнө реэкспорттого багытталгандыгына байланыштуу. 2010-жылы Казакстан Бажы биримдигине кирип, бажы эрежелери өзгөртүлгөндөн кийин реэкспорт соодасы да төмөндөп кеткен.

«Экономикабызды жандандыруу үчүн биз Бажы биримдигине кошулубуз керек. Качан биримдикке киргенден кийин биз жеке өзүбүздүн продукцияларыбызды өндүрүп, экспортко жөнөтө алабыз. Кыргызстанда ресурс арзан, Казакстан менен Орусия инвесторлору үчүн Кыргызстанда иштөө өтө пайдалуу болот».

Бишкектик экономист Искендер Шаршеев болсо Бажы биримдигине кирүү процесси калктын басымдуу бөлүгү элестетип жаткандан кыйла эле оор болот деп эсептейт. «Орус жана кыргыз маалымдоо каражаттарынын Бажы биримдигинин артыкчылыктарын көрсөтүүгө аракет кылып жатканы менен коомдук нааразычылыктардын өсүүсү күтүлөт, – деп белгилейт ал. – Бажы биримдигине кирүү бардык жерде баалардын жогорулашына алып келет».